Москвада Лейлекте туулган 24 жаштагы жигит бычак жеп көз жумду

13 ноября 2019 Москвада Лейлекте туулган 24 жаштагы жигит бычак жеп көз жумду

Киши өлтүрүү фактысы боюнча Москва шаарына караштуу Пресненский райондук тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгоду.

Лейлек районуна караштуу Исфана айылында туулган 24 жаштагы С.А.Т. аттуу киши Москвада бычак жеп каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Москва шаарына караштуу Пресненский райондук тергөө бөлүмү аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда элчилик менен маркумдун туугандары "жүк 200дү" Кыргызстанга жеткирүү маселесин чечишүүдө.

sputnik.kg