"Антошкадагы" жарылуудан кийин Бишкектеги бардык тез татым жайлары текшерилет

12 ноября 2019 "Антошкадагы" жарылуудан кийин Бишкектеги бардык тез татым жайлары текшерилет

Муниципалитетте "Антошка" тез татым жайындагы окуяга байланышкан атайын жыйын болуп, шаар бийлиги болгон жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча отчёт берди.

Бишкектеги бардык тез татым жайлары текшерилерин мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мындай текшерүүлөр 8-ноябрда "Антошка" тез татым жайындагы окуядан улам болууда. Аталган жайда эки жолу жарылуу болгон. Анын кесепетинен кассир болуп иштеген бир кыз каза болуп, 14 киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул жердин ээси кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.

"Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев 18-ноябрга чейин өзгөчө мектептерде, бала бакчаларда, социалдык мекемелерде жана тез татым жайларындагы өрт коопсуздугун күчөтүү боюнча план-программа иштеп чыгууну тапшырды. Ал өрт коопсуздугун жакшыртуу боюнча шаардык бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнүп жатканын кошумчалап, мэриянын финансы башкармалыгына бул маселени тыкыр карап чыгууну өтүндү", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек ШИИБдин башчысы Канат Жумагазиев териштирүүнүн жыйынтыгында милиция чара көрүп, күнөөлүүлөр жазасын ала турганын белгиледи.

sputnik.kg