Белгилүү комузчу Нурзат Орозалиева каза болду

11 ноября 2019 Белгилүү комузчу Нурзат Орозалиева каза болду

Комузчу бир нече жылдан бери айыккыс дарт менен алпурушуп жүргөн. Маркумдун сөөгү эртең, 12-ноябрда, кичи мекени Ат-Башы районунда жерге берилет.

Кечээ, 10-ноябрь күнү, белгилүү комузчу Нурзат Орозалиева 44 жаш курагында көз жумду. Маалыматты өзү акыркы жылдары эмгектенип жүргөн Кыргыз улуттук консерваториясынан тастыкташты.

"Орозалиева узак убакыттан бери оору менен алпурушуп жүргөн. Тилекке каршы, аны жеңе алган жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Комузчунун артында бир кызы калды.

sputnik.kg