Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө иштеген майордун сөөгү табылды

11 ноября 2019 Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө иштеген майордун сөөгү табылды

Аталган факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Окуя боюнча Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына маалымат берилди.

Бишкектин четиндеги №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүндө иштеген С.Т. аттуу майордун сөөгү табылды. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, майор жашап жүргөн жатаканасынан өз жанын кыйган. Анын сөөгү бүгүн, 8-ноябрда, эртең менен табылган.

Аталган факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Окуя боюнча Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына маалымат берилди.

sputnik.kg