Боливиянын президенти отставкага кетерин жарыялады

11 ноября 2019 Боливиянын президенти отставкага кетерин жарыялады

Боливиянын президенти Эво Моралес үч жумага созулган нааразылык акцияларынан кийин отставкага кетерин жарыялады. Ага чейин ал жаңы шайлоо өткөрүүгө макул болгон.

Боливияда шайлоо 20-октябрда өткөн. Өлкөнүн Жогорку шайлоо соту Эво Моралес 47 пайыздан көбүрөөк, анын атаандашы Карлос Меса 36,5 пайыз добуш алган деп тааныган. Ушундан соң Моралес өзүн жеңүүчү деп жарыялаган. Шайлоо учурунда одоно мыйзам бузуулар болгонун айткан Меса жыйынтыкты тааныбай, тарапташтарын көчөгө чыгып, экинчи айлампаны талап кылууга чакырган.

Моралес адегенде оппозицияны мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракетине айыптап чыккан. Кийинчерээк маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сунуш кылган. Карлос Меса өкмөттү алдамчылыкка айыптап, ишембиде сүйлөшүүдөн баш тарткан.

60 жаштагы Эво Моралес Боливияны 2006-жылдан бери башкарып келген.