Аналитиктердин изилдөөсү боюнча жакынкы келечекте Кыргызстан Кытайга болгон тышкы карызын төлөөдө кыйынчылыктарга туш келип калышы ыктымал.
Кыргызстан Кытайга ири карызы бар беш мамлекеттин катарын толуктайт. Бул тууралуу Кембридждин экономикалык изилдөөлөр улуттук бюросунун илим-изилдөө институтунун докладында айтылат.
Ага ылайык, Кыргызстандын Кытайга болгон карызы ички дүң өнүмдүн 30 пайызынан ашат.
Рейтингдин сап башында Африканын Джибути мамлекети турат, алардын Кытайга болгон карызы ички дүң өнүмдүн 90 пайызынан ашып кеткен.
Экинчи орунду Тонга мамлекети ээлесе (ички дүң өнүмдүн 40 пайызы), үчүнчү орунга Мальдив мамлекети татыды (Кытайга болгон карызы ички дүң өнүмдүн 30 пайызынан ашат). Рейтингдин төртүнчү сабында Конго (Кытайга болгон карызы ички дүң өнүмдүн 30 пайызга жакын) мамлекети турат. Ал эми бешинчи орунда Кыргызстан.
Коңшу Тажикстан 20-сапта, Түркмөнстан 23-орунда, Өзбекстан 40-катарда турат.
Аналитиктердин баамында, өнүгүп келе жаткан мамлекеттер — Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөтү Кытайга мурда айтылгандан да көп карыз болушу ыктымал. Анткени Кытайдын эсептөө системасында ачык-айкындуулук жок болгондуктан берилген насыялардын жарымынан көбүн коомчулук билбейт.
Мисалы, Кытайдын экспорт-импорт боюнча банкы Кыргызстанда жолдордун курулушун каржылоого камынып жатат. Каражат жолду курууга тандалган кытайлык подрядчы компанияга берилет. Акча сыртка чыкпагандыктан борбордук банктарды бириктирген Эл аралык эсептөө банкы каражатты эсепке албайт.
Изилдөөнүн авторлору Кытайдан ири насыя алган Кыргызстан сыяктуу карызкор мамлекеттер тышкы карызын төлөөдө кыйынчылыктарга кириптер болушу ыктымалдыгын баса белгилешкен.