Соттолуучу кылмыш изин жашырып, маркумдун сөөгүн өрттөп, талаага көмүп салган. Кылганын бир жылдан ашык эч кимге айткан эмес.
Өзүнүн бир тууган агасын мыкаачылык менен өлтүргөн жаш жигит сегиз жылга эркинен ажыратылды. Өкүм Жогорку соттун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Ошто 23 жаштагы айыпталуучу мас болуп келген 28 жаштагы агасы менен уруша кетип, аны темир менен башка чаап, тепкичтен түртүп жиберген. Жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган.
Соттолуучу кылмыш изин жашырып, маркумдун сөөгүн өрттөп, талаага көмүп салган. Кылганын бир жылдан ашык эч кимге айткан эмес.
Тергөө маалында шектүү кырсык болгон күнү агасы мас болуп келип, аны сабаганын айткан.
"Ал күнү үйдө эч ким жок болчу, агам мас болуп келиптир, уктап жатсам мени сабап, муунтуп, бычак менен коркуткан. Ошондо үйдөн эптеп качып кеткем. Кайра беш мүнөттөн кийин үйгө келсем, башы канап жерде жатыптыр. Мен коргонгом, кылганым үчүн өкүнөм жана кечирим сурайм", — деп көрсөтмө берген жигит.
Ошондой эле маркумдун буга чейин арак ичип келип апасына жана карындаштарына да кол көтөрүп келгени аныкталган.