Өзүң жогол! Соцтармакта журналистти каккан депутатка каршы флешмоб башталды

6 ноября 2019 Өзүң жогол! Соцтармакта журналистти каккан депутатка каршы флешмоб башталды

Социалдык тармакта журналистти "жогол ары!" деп каккан Жогорку Кеңештин депутаты Азиз Турсунбаевге каршы флешмоб башталды.

Эл өкүлү Kloop сайтынын кабарчысы Айзирек Иманалиеваны "Иди отсюда!" (жогол ары!) деп кагып, суроосуна жооп бербей кетип калган.

Мындан улам ал соцтармак колдонуучуларынын кескин сынына кабылды. Көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, депутаттын журналисттен кечирим сурашын талап кылышууда. Болбосо мандатын тапшыруу талабы менен Ак үйдүн алдына митингге чыгарын айтып жатышат.

Активист Мелис Аспеков депутаттын сүрөтүн коюп, "өзүң жогол" деген хештег менен флешмоб баштады.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=1750400478425105&set=a.475632599235239&type=3&theater

Журналист депутаттан "Ата-Түрк" паркынан жер тилке алып кайра сатып жибергениңиз чынбы?" деп сураган. Себеби мурда жарыяланган иликтөөдө Турсунбаевдин да аты аталган болчу.

sputnik.kg