5 ноября 2019
Кырсык Чүй облусунун Новопокровка айылында жайгашкан №3 абакта 4-ноябрь күнү болду. Төртүнчү батальондун катардагы жоокери лампочка алмаштырып жаткан учурда токко урунган.
Чүйдөгү №3 түзөтүү колониясында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кайтаруу жана күзөт департаментинин аскери токко урунуп көз жумду. Бул тууралуу ЖАМКнын маалымат кызматы билдирди.
"Кырсык Чүй облусунун Новопокровка айылында жайгашкан №3 колонияда 4-ноябрь күнү болду. Төртүнчү батальондун катардагы жоокери лампочка алмаштырып жаткан учурда токко урунган", — деп айтылат билдиүүдө.
Маалыматка караганда, медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай жоокердин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.