Журналист Чынара Токонова каза болду

5 ноября 2019 Журналист Чынара Токонова каза болду

Токонова 1982-жылы Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган. 2000-жылдардын башынан бери кыргыз телерадио тармагында эмгектенип келген.

Журналист Чынара Токонова 37 жаш курагында оорудан улам көз жумду. Маалыматты маркумдун жакындары тастыктады.

"Чынара экинчи ирет инсульт илдетине кабылып, ооруканага жеткирилген. Бүгүн, 4-ноябрь күнү, каза болду", — дешти жакындары.

Токонова кыргыз телерадиосунда 2000-жылдардын башынан бери эмгектенип келген. Алгач КТРКнын "Жаш толкун" радиосунда иштеген. Кийин НТС каналында, "Санжыра" радиосунда, Булан институтунда эмгектенген. Акыркы кездерде 5-каналда "5-элемент" автордук программасын даярдап жүргөн.

sputnik.kg