39 кишинин сөөгү 23-октябрда Грейс аймагынан табылган. ЖМКлардын жазышынча, жүк ташуучу автоунаанын муздаткыч бөлүмүнө салынган кишилердин бардыгы тоңуп калган.
Англиянын Эссекс графтыгында жүк ташуучу автоунаанын муздаткыч бөлүмүнөн табылган маркумдардын бардыгы Вьетнамдын тургундары экени аныкталды. Бул тууралуу Euronews өлкөнүн укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.
Маалыматка караганда, маркумдардын толук аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча айтылбайт.
Вьетнамдын премьери Нгуен Суан Фук жарандардын өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетиши боюнча иликтөөнү баштоону тапшырды. Ал эми өлкөнүн Тышкы иштер министрлигин абалга көз салып, тергөө иштерине жардам берүү үчүн Британия менен кызматташууга чакырды.
Буга чейин табылган маркумдардын бардыгы Кытайдын жарандары болушу ыктымалдыгы айтылган.
Эске салсак, 39 кишинин сөөгү табылган жүк ташуучу автоунаа Грейс шаарындагы өнөр жай зонасынан табылган. ЖМКлардын жазышынча, жүк ташуучу автоунаанын муздаткыч бөлүмүнө салынган кишилердин бардыгы тоңуп калган. Транспорт 19-октябрда Британияга Бельгиядан келген.
Кийин кылмыш ишине шектүү катары эки киши кармалган. Дагы үч киши бул ишке катыштыгы бар болушу мүмкүн деп колго түшкөн. Бирок күрөө кепилдиги менен ноябрдын ортосуна чейин бошотулушкан болчу.