Маркумдун ишкерлик менен алектенип келгенин депутат Жанар Акаев айтып чыккан. Бирок кийин ИИМ бул маалыматты төгүндөп, анын таксист болуп иштегенин кабарлаган.
"Манас" аэропортунан адам өлтүрүп, анын сөөгүн унаанын багажнигине салып кетти делип шектелген эки киши колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 23-октябрда аба майдандагы унаа токтотуучу жайда токтоп турган Honda Torneo машинасынын багажнигинен мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 39 жаштагы адамдын сөөгү табылган. Эркек киши адам жана бандероль ташып иштечү. Аталган факт Кылмыш жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
ИИМдин маалыматында кылмыштын бетин ачуу үчүн министрликтин, Чүй облустук жана Сокулук райондук милициясынын тажрыйбалуу адистери тартылган. Ыкчам-тергөө тобу Бишкек, ош шаарларында, Чүй, Ысык-Көл, Талас жана Ош облустарында иштеген.
"Кылмышты тергөө үчүн ыкчам топ түзүлүп, иликтөө учурунда шектүү делип зордуктоо жана каракчылык менен бир нече ирет соттолгон 27 жаштагы Б.Ч. жана баңгизат сактаганы үчүн соттолгон 32 жаштагы И.А. аттуу эки киши кармалды. Б.Ч. Кеминдеги жатак-колонияда, ал эми И.А. Молдовановкадагы абакта жазасын өтөп жаткан. Экөө тең жатак-колонияга 2018-жылдын октябрында которулган. Булардын дагы бир шериги аныкталып, 28 жаштагы шектүү изделүүдө." — деп айтылат маалыматта.
ИИМдин айтымында, оор кылмыш жасоого ЖАМК колонияларынын жетекчилигинин шалаакы иши жол берген. Ушу тапта кармалгандардын башка кылмыштарга тиешелүүлүгү текшерилип жатканы айтылды.