Казакстандык киши лотереяны интернет аркылуу сатып алган. Бирок уюштуруучулар ага жагымдуу кабарды угузуу үчүн аны менен байланышка чыга албай убара.
Казакстандык Хуссаин Еремешев Дубайда өткөн Dubai Duty Free лотереясын сатып алып, 1 миллион доллар утуп алган. Бул тууралуу Gulf News жазды.
Басылманын маалыматына караганда, казакстандык киши лотереяны интернет аркылуу сатып алган. Бирок уюштуруучулар ага жагымдуу кабарды угузуу үчүн аны менен байланышка чыга албай жатышат.
Маалыматка караганда, киши Dubai Duty Free лотереясынан ири сумманы уткан экинчи казакстандык.
Лотереянын дагы бир жеңүүчүсү индиялык ишкер Камаласанан Надар Васу болду. Ал 35 жылдан бери Бириккен Араб Эмираттарында жашап, иштеп келет. Ал журналисттерге берген интервьюсунда миллиондун жарымын билеттин жарым акчасын төлөгөн досуна берерин айткан. Утуш алып келген лотереяны алар 270 долларга сатып алышкан.