25-октябрда КМШнын өкмөт башчыларынын кеңеши өтөт, андан кийин Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңеши болот.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттердин жана КМШнын премьерлеринин жыйынына катышуу үчүн Москвага учуп кетти.
25-октябрда КМШнын өкмөт башчыларынын кеңеши өтөт, андан кийин Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөттөр аралык кеңеши болот.
Кыргызстандын делегациясынын курамы:
премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев;
вице-премьер Жеңиш Разаков;
экономика министри Санжар Муканбетов;
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов;
Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси Эрмек Ибраимов;
Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов;
өкмөттүн ЕЭАБ иштери боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков;
өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков;
Кыргызстандын КМШнын Экономикалык кеңешинин экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Улуттук банктын төрагасынын орун басары Айнура Тезекбаева.