Бишкекте жаңжалдан кийин 30 чет элдик жаран милицияга алып келинди

15 октября 2019 Бишкекте жаңжалдан кийин 30 чет элдик жаран милицияга алып келинди

Чет элдик студенттер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Укук коргоо органдары менен жогорку окуу жайдын өкүлдөрү тобу менен мушташ болбогонун билдирди.

Бишкек шаардык милиция бөлүмүнө 30дан ашык чет элдик студент алып келингенин Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

4-октябрда, саат 15:40та милицияга Виноградная жана Исакеев көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече киши мушташып жатканы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жөнөп кеткен. Мушташкандар Эл аралык медициналык университетте окуган пакистандык студенттер экени белгилүү болгон. Милиция менен окуу жайдын өкүлдөрү социалдык тармактарда айтылып жаткандай тобу менен мушташуу болбогонун белгилешти. Алар күнүмдүк эле нерселерден талашып-тартыша кетишкен.

Милиция студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Чет элдиктердин жанында окуу жайдын өкүлү менен котормочу бар. Учурда чыр-чатак жайгарылды.

sputnik.kg