Бишкекте майрамдык иш-чаралардын уюштуруучусу Егор Паньшиндин сөөгү табылды

14 октября 2019 Бишкекте майрамдык иш-чаралардын уюштуруучусу Егор Паньшиндин сөөгү табылды

13-октябрь күнү саат 9.30да милиция бөлүмүнө Асанбай кичирайонунун бак-дарактуу жеринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бишкек шаарында майрамдык иш-чаралардын уюштуруучусу Егор Паньшиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

13-октябрь күнү саат 9.30да милиция бөлүмүнө Асанбай кичирайонунун бак-дарактуу жеринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ошол замат окуя болгон жерге райондук милициянын ыкчам тергөө тобу барып, эркек кишинин сөөгүн көрүшкөн. Көп өтпөй эле ал 1975-жылы туулган Егор Паньшин экени белгилүү болгон.

Учурда маркум кандай жагдайда каза болгондугу тууралуу маалыматтар такталып жатат.

sputnik.kg