Японияда тайфундан аман калган кемпир тик учактан кулап каза болду

14 октября 2019 Японияда тайфундан аман калган кемпир тик учактан кулап каза болду

Ушул тапта каза болгондордун саны 25ке жетип, дагы 15тей адам изделип жаткан кез. Ар кандай жаракат алгандардын саны 170тен ашты.

Японияда болуп жаткан "Хагибис" тайфуну учурунда куткарылган 77 жаштагы кемпир кийин 40 метр бийиктикте бара жаткан тик учактан кулап кетип көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды. 

​Аны куткаруучулар Фукусима аймагынан тик учакка салып бара жаткан жеринен капысынан кулап түшүп, ошол замат жан берген.

Ишемби күнү кечинде "Хагибис" тайфуну япон архипелагынан түштүктөн чыгышты көздөй жылып келген. Анын айынан жарандар коопсуз аймактарга көчүрүлүп, авиа каттамдар дагы токтотулган.

Ушул тапта каза болгондордун саны 25ке жетип, дагы 15тей адам изделип жаткан кез. Ар кандай жаракат алгандардын саны 170тен ашты.

Жаратылыш кырсыгынын айынан электр энергиясы өчүп, миңдеген үйлөр таза суусуз калды. Учурда бороон басаңдап, Токио шаарында коомдук транспорт ишин жаңылады. Эл аралык каттамдар акырындык менен аткарыла баштады. Ал эми өлкө ичиндеги авиа каттамдарды дүйшөмбү күндөн баштоо пландалып жатат.

sputnik.kg