Милициянын айтымында, эртең мененки 08:00дер чамасында милициянын 102 номерине Бишкектин көчөсүндө мушташ болуп жатат деген кабар түшкөн. Ал жерге барган милиция болжол менен 8:20 чамасында эки айдоочу жол талаша кеткени боюнча маалымат алган.
Бишкек шаардык криминалдык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангулов 25 жаштагы айдоочуга жол талаштан чыккан уруштан улам ок чыгарган. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирүү таратты.
Эске салсак, буга чейин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангуловдун 9-октябрда жол талаша кетип, айдоочуну атып жибергени жана анын ооруканага түшкөнү маалымдалган.
Алардын айтымында, эртең мененки 08:00дер чамасында милициянын 102 номерине Масалиев – Алымкулов көчөсүндө мушташ болуп жатат деген кабар түшкөн.
“Ал жерге барган Ленин райондук милициясынын кызматкерлери болжол менен 8:20 чамасында эки айдоочу жол талаша кеткени боюнча маалымат алган. “Toyota Camry” автоунаасын айдап бара жаткан адам жерге түшүп, дароо эле криминалдык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Амангулов экендигин, жумушка шашып бара жаткандыгын айткан”, — деп жазылган милиция тараткан маалыматта.
Милиция жол талашкан жаран туурасында төмөнкүчө билдирген.
“TOYOTA REMIX” автоунаасынан 1994-жылы туулган Ж.А. аттуу жаран түшүп, алдында милиция кызматкери турганын тоготкон эмес. Алар жаакташып айтыша кеткенден соң Алымкуловду бет талаштыра чаап жиберген да, колуна белгисиз буюмду кармап алып кооптондурган аракеттерди жасай баштаган. Алымкулов жашоосуна коркунуч жаралганын көргөндөн кийин жеке травматикалык тапанчасын алып чыгып, эскертүү катары асманга ок чыгарган”, — деп жазылган маалыматта.
Милициянын басма сөз кызматы криминалдык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Амангуловдун айдоочуга ок чыгаргандыгын төмөнкүчө негиздеген.
“Анткен менен Ж.А. милиция кызматкерине кол салуусун токтоткон эмес. Мындан улам Алымкулов Ж.А. тарапка ок чыгарганда, ал автоунаасына түшүп, белгисиз жакка жүрүп кеткен”, —деп айтылат маалыматта.
Бул милиция кызматкери катышкан чуулуу алгачкы окуя эмес. Буга чейин Бишкекте Финансы полициясынын кызматкерлери Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн төрт милиционерин пара алып жаткан жеринен кармаган.