Азыркы учурда он үч жаштагы баланы үй-бүлө ээси деп айта албайбыз. Алардын жетилүүсү менен калыптанышы илгерки бабаларыбыздын кезиндегидей эмес. Ошентсе да, жыйырма жаштан ашкандан кийин жигиттердин үйлөнгөнү туура.
Эгер үйлөнүүгө бел байлаган болсоңуз төмөндөгү нерселерди эске алыңыз:
Кыздардын баары бирдей эмес, бирок баары жаман деген сөз жок.
Үйлөнө турган кыз башка, сүйлөшкөн, жүрө турган кыз башка деп үч топко бөлүп кароонун кереги жок. Себеби ал – табият жараткан жаратылыш. Бир гана мүнөзү шайкеш келбеши мүмкүн, бирок ага карап жаман-жакшы деп бөлүүгө болбойт.
“Түнкү клубда жүргөн кыз – жаман, үйдө олтурган кыз – жакшы” деген түшүнүк бар. Албетте, түн кезип жүргөн кызды ким жактырсын, бирок алданып калбаңыз. Адамдын ою – ичинде. Үйдө олтурам деп жамандык жасашы да мүмкүн.
Кыз баланын келбетине кароо маанилүү. Бирок, аны сулуу эмессиң деп өзүнө айтуунун кажети жок. Сулуу, ары келбеттүү, ажарлуу кыз ар дайым сиздин көңүлүңүздү ток кылары анык. Жүрөк менен акылдын көзүн унутпаңыз.
“Болочок жарым боло турган кыз мына” деп, үйүр ичинен байталды тапкандай тандоо жасабаңыз. Сүйлөшүңүз, көрүшүңүз, макулдашыңыз. Бул абдан маанилүү.
“Бул кызга үйлөнөм деп алдап койсом да эч нерсе болбойт, анткени ал аңкоо” деп ойлобоңуз. Анткени, кыздын кырк амалы бар. Ал да сизди алдашы мүмкүн. Бир гана нерсе сиз аны өмүр бою биле албай өтөсүз. Ал эми жигиттер тез билдирип коёт.
“Мен үйлөнө турган кыз алы жолуккан жок” деген сөздү унутуңуз. Алар жаныңызда жүрөт, болгону баалаңыз, кадырына жетиңиз.
Табият кыз кишини күйөөсүнө багынсын деп, эркекке сүйүктүүсүн бааласын деп жараткан. Ушул эки мыйзам – үй-бүлөнүн берекеси. Мыйзамга багынып жашаңыз!