Эркектер денесинин кайсы бөлүгүндөгү “өсүндүлөрдү” кырып, кайсы бөлүгүн кырбаш керек

1 октября 2019 Эркектер денесинин кайсы бөлүгүндөгү “өсүндүлөрдү” кырып, кайсы бөлүгүн кырбаш керек

Ар бир эркек денесинин кайсы бөлүгүн кырышты, кайсы жагын кырбай тургандыгын өзү билет. Бирок, эч кимиси күлкүлүү көрүнгүсү келбейт. Ошондуктан, айрым эрежелерге баары бир таянышы керек.

Баш

Баш сөөктүн формасы жакшы болсо, такыр баш болуп жүрүү жарашат. Мисалы, Том Круздун такыр баш болуп жүргөнүн элестетип көргүлө.

Чачын такыр кылып алып жүргөндөрдүн желкеси жана чекеси өзгөчө болот. Мындай мырзалар эрктүү көрүнүшөт. Бети жана башы кичинекейлер чачын өстүрүп эле жүргөнү жакшы.

Бет

Сакал коюп жүрүүнү ар бир киши өзү чечет. Эгер сакал коюуну чечсеңиз, анда төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз:

- сакал Толстойдун стилинде болбош керек.

- бетте ашыкча өскөн кыл болбош керек, коррекциялап туруңуз.

- сүйүктүүңүздөн сакалдуулар жагабы, жокпу деп сурап көрүңүз. Анткени, айымдардын териси назик болот. Анан элестетиңиз, сапсайган сакал менен өөп атканды.

Бел

Белдеги кылды кырууга болбойт. Анткени, бир кырган соң, ан күн ара кайталып туруу керек болот. Анын ордуна лазердик эпиляция курсунан өтүңүз.

Көкүрөк

Көкүрөктөгү кыл аз болсо, сексуалдуу көрүнөт, айымдарды өзүнө тартат. Эгер көкүрөктөгү “өсүндөлөр” өтө кө болуп, кийген көнөктөн чыгып турса, элдин кыжырын келтиресиз.

Кол

Колдун кылы өтө көп болсо дагы, аны кыруунун кереги жок.

Колтук

Мунун чечими жөнөкөй эле – кырып алып салыңыз. Эркектер буга кадискидей эле көз карашта. Эл тердетип, жүдөтөт. Анын үстүнө, кийген футболкадан колтуктагы жүндүн чыгып турганы – сизге да жакпаса керек.

Бут

Кол сыяктуу эле, жылтыраган балтыр – аялдарга гана жарашат. Кылга оронгон эркектин буттары табигый көрүнүш. Бирок, жүндүү буттардын ээлери чолок шым кийүүдөн алыс болгула.

Интимдик зона

Бешинчи чекиттеги “өсүндүлөр” дискомфорт түзүп, гигиенага таасирин тийгизет. ошон үчүн кырып туруу зарыл.

Чурайдын айланасы тууралуу айта турган болсок, порно тасмалардагы актерлорду эстеп көрсөңүз, алардын жыныс органы тегиз кырылган. Анын үстүнө, кадрда жүндөн башы чыкпаган органдын эч кимге кызыгы жок. Кырылган “чат” аялдарга да жагат.

Акыркы чечим эркектин өзүндө калат. Бирок, эсиңерде болсун, денедеги “өсүндүлөр” – бул стиль эле эмес, гигиена дагы болуп саналат, туурабы?