Жолдошуңуз сизди алдап жүргөнүн кантип билүүгө болот?

6 сентября 2019 Жолдошуңуз сизди алдап жүргөнүн кантип билүүгө болот?

Ушундай учурда орустардын жакшы бир макалы эрксиз эске келет: “Ишен, бирок текшерип тур” (доверяй, но, проверяй).

Сезимдин бекем болушу үчүн ишеним болгону жакшы. Албетте, буга эч кандай талаш жок. Ошентсе да, ишеним, сезим башка нерсе, ал эми эркектин ашыкча “солго" басып жүргөнүн кантип билсе болот?

Үйгө кеч келет. Жумуш убактысы бүтсө да, үйгө өтө эле кеч келет. Күнүмдүк “ишинин көптүгүн айтып”, себептери да көбөйө баштайт.

Баскан-турганы көбөйүп кетет. Бара турган жери көбөйүп, ар дайым достору менен жолуккусу келе берет.

Сылан корозго айланат. Сыртка кооз кийинип, атыр себинип, абдан таза болуп чыгат. Бул анын мурункудан да өзүнө каранып калганынан кабар берет. Өзүнө жакшы кам көрүп, жаңы кийимдерди алып, өзүнө аябай көңүл бура баштайт.

Сизден алыстай байтайт. Ортодогу мамилеңиздер сууп, сизден алыстап калат. Дасторкон үстүндө үй-бүлөңүз менен чай ичкенде анын жоктугун байкайсыз. Албетте, мындай абал көп кайталанган учурда гана. Ошондой эле, мурункудай сиз менен көп сүйлөшпөй калат.

Жолдошуңуздун телефонуна бейтааныш номерлер чала баштайт. Бейтааныш номерлердин көптүгү, телефонго келген тынымсыз билдирүүлөрдөн байкасаңыз болот.

Сезими сууп кетет. Сүйүү сезими өчүп бара жаткан сыяктуу. Сизди мурункудай кучактап, өпкүлөбөсө, жыныстык катнашта да мамилеңиздер активдүү болбосо...

Ошондо гана анын ар бир ишин акырын көзөмөлдөп, жүрүш-турушун кылдат текшериңиз. Бирок, эч нерсени билбей туруп, катаал кадамга барбаңыз.

Жолдошуңуздун кылыктары жогорудагы көрсөтүлгөн нуска менен шайкеш келсе, күйөөңүз өзүн мурункудай алып жүрбөсө, анда чын эле шек жаратары чындык.