Эненин көз алдында: жаш жубайлар никелешүү документтин алгандан кийин көз жумду

2 сентября 2019 Эненин көз алдында: жаш жубайлар никелешүү документтин алгандан кийин көз жумду

АКШнын Техас штатында жаш жубайлар никелешкен соң көз жумган.

19 жаштагы Харли Джо Морган жана 20 жаштагы Рианнон Мари Морган никеге туруп, бакыт үйүнөн чыккандан кийин унаада бара жатып жол кырсыгына учураган. Кырсыктан экөө тең жан берет.

Мунун баары жигиттин энесинин көз алдында болгон. Энеси жубайлардын артындагы унаада келе жаткан.

“Мен ошол жерде болуп, алардын кандайча көз жумганын көрдүм. Алар беш мүнөт мурун эле үйлөнүшкөн эле”, - дейт эне.

Аял кыйраган унаадан уулу менен келинин чыгарууга аракет кылган, бирок аларды аман алып калуу колунан келген эмес.