Өлө турган күндү 10 жыл мурун билүүгө боло тургандыгы аныкталды

29 августа 2019 Өлө турган күндү 10 жыл мурун билүүгө боло тургандыгы аныкталды

Немис дарыгерлери 10 алдын ала өлө турган күндү билсе боло тургандыгын аныкташты.

Окумуштуулар 18-109 жаш аралыгында 44 миң адамга изилдөө жүргүзүп, өлүм кооптуулугун көрсөтө турган 14 кан биомаркерин аныкташты.

Немис дарыгерлери адамдын качан өлө турганын канынын анализине карап аныктай алышат.

Изилдөө иши 2 жылдан 16 жылга чейин созулган. Ушул убакыттын аралыгында экспериментке катышкан 5512 адам кайтыш болгон. Окумуштуулар алардын кан үлгүлөрүнөн метаболиттик биомаркерлерди изилдешкен. Бул көрсөткүчтөр тирүү адамдарда жогору болот. 14 биомаркер түрдүү жаштагы эркектер менен аялдарда аныкталган.

Бул биомаркерлер иммунитеттин, глюкозанын, сезгенүүлөрдүн жана башкалардын көрсөткүчү болуп саналат. Анализдин жыйынтыгы алдыдагы 10 жылда адамдын өлөрүн, же өлбөй тургандыгын аныктоого көмөктөшөт. Изилдөө ишинин тактыгы – 83%.

Окумуштуулар изилдөөнүн жыйынтыгы оорулуу дарыланган кезде айтылат деп үмүттөнүшөт. Азырынча дарыгерлер артериялык кан басымы менен холестериндин деңгээлине карап, адамдын алдыдагы бир жылда көз жумарын аныктай алышат. Андан көп убакытка божомол жасоо окумуштуулар үчүн кыйын маселе.