Ташкент облусунун окуучуларына сабакка такыя кийип келүү милдеттендирилди

8 ноября 2018

Ташкент облусунун бир катар мектептеринде сабакка улуттук баш кийим – такыя кийип келүү милдеттендирилди, деп centralasian.org басылмасы кабарлайт.

Аталган облустун Бостанлык жана Уртачирчик райондорундагы мектептерде окуучулар сабакта такыя кийип олтурушат.

Өзбекстандын эл аралык билим берүү министрлигинин аты-жөнүн жашырган кызматкери президент Шавкат Мирзиёевдин мектептерде кымбат жана арзан кийимдердин айырмасын чектөө үчүн форманы улуттук маданиятка ылайык өнүктүрүү керектигин сунуштагандан кийин Ташкент облусунун бир катар мектеби ушундай чечимге келгенин айтат.

Бирок, бир катар окуучулардын ата-энелери балдарынын мектепке улуттук баш кийим кийип баруусуна наразылыгын билдирген.

Мисалы, Бостанлык районунун тургуну Миржалол Отахонов балдары окуган мектептин директору такыя сатып алуу үчүн ата-энелеринен акча жыйнап алганын айтат.

“Мектепте окуучулардын баары бирдей такыя кийүү керек деген талап коюптур. Мен директорго барып “Мага министрликтин буйругун көрсөтүңүз” деп сурадым. Ал мага эч кандай буйрук көрсөткөн жок. Менин оюмча андай жарлык болгон эмес. Мындан тышкары, окуучу кыздарга чачыңарды экөө кылып өрүп келгиле деп айтат экен”, - дейт.

Эсиңиздерге салсак, былтыр өкмөт жыйыны учурунда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев атайын мектеп формасын киргизүүнү колдой турганын билдирген.