Ачууланган мугалим окуучунун чачын кесип салды

8 ноября 2018 Ачууланган мугалим окуучунун чачын кесип салды

Ростов облусунун Волгодонск шаарындагы №16 лицейде мугалим окуучунун чачын кесип салды.Бултууралуу Риа-Новости кабарлайт.

Мектеп директору Людмила Лушникованын айтымында, мугалим сабак учурунда окуучунун чачын кесип салып, андан соң жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган.

Ростовдогу 161.ru басылмасынын редакциясына аял киши келген. Анын кызы Волгодонск шаарындагы № 16 лицейде билим алат. Кызынын айтымында, алмектепке чачын жайып баргандыктан, математика сабагынын мугалими кыздын чачын кесип салган. Кыздын энеси облустук билим берүү жана илим министрлигине электрондук кат жибергенин жана прокуратурага жамааттык кат даярдаганын айтты.

Лицейде балдар сабак учурунда чачтарын жыйнап олтуруу керек деген негизсиз эреже бар. Ошонун негизинде мугалим менен окуучунун ортосунда жаңжал пайда болгон. Мугалим ачууга алдырып, окуучунун чачын кесип салган. Окутуучу ошол күнү өз эрки менен жумуштан кетүү тууралуу билдирме жазган.

“Эгер мугалим өз эрки менен жумуштан кетүү тууралуу арыз жазса, мен буга кантип каршы болом”, - дейт мектеп директору.

Билим берүү жана илим министрлиги лицейде болгон окуя тууралуу кабардар экенин билдирди. Бул факт боюнча учурда текшерүү жүргүзүлүп жатат.