Колукту өз тоюна кечигип, турмушка чыкпай калды

8 ноября 2018 Колукту өз тоюна кечигип, турмушка чыкпай калды

Британиялык кыз өзүнүн тоюна кечигип, турмушка чыкпай калды. Тойго кечиккен кызды болочок күйөөсү ошол жерде таштап кеткен.Бул тууралуу The Sun басылмасы кабарлайт.

Той боло турган күнү Никола Тьюи (Nichola Tuohy) аттуу кыз көп кыйынчылыктарга туш болгон. Николанын бетин “айылдын карапайым кыздары сыяктуу кылып боёгону” жаккан эмес. Ал бетиндеги боёкту жууп салуу үчүн үйүн көздөй жөнөгөн. Үйүнө келген кыз ата-энесинин бул тойго ыраазычылыгын бербей турганын угат. Ата-энеси салтанаттуу аземге баруудан баш тартышканын айтышат. Ал тургай Николанын балдарын дагы тойго даярдашкан эмес. Балдарын кийиндирип, ээрчитип чыккан колукту шашып жатып кызынын көйнөгүн унутуп кеткен.

Натыйжада, ал той көйнөгүн кийип, чиркөөгө өзү барууга чечим кабыл алат. Бирок, ижарага алган ретро автоунаасында коопсуздук кур болбогондуктан, колукту ага балдарын олтургузбоону чечет. Мындан тышкары, ага эң жакын курбусу кабарлашып, тойго келе албай турганын айткан.

“Менин болгону жарым саат гана убактым болду, ал эми чиркөө 32 чакырым жерде жайгашкан. Эмне кылаарымды билбей төшөккө жатып калдым”, - деп Николамойнуна алды.

Андан кийин ал үйүнө барып, кызынын көйнөгүн алып, чиркөөгө эмес, дароо каттоо аземи өтчү жерге барган. Колуктусунун аракетине ачууланган күйөө бала оюна келгенин айтып, кызды таштап кетет.

Күйөө бала мамилени үзгөнүн айтып, ачуусу басылгандан кийин ойлонууга убада берген.

Ал журналисттерге:“Эгер үйлөнүү тоюбуз бузулбаганда, биз чогуу бактылуу болор элек. Бул жөн эле унутуп кала турган нерсе эмес”, - деген.

Белгилей кетсек, сүйүшкөндөр бул салтанатка бир жарым жыл даярданып, ага 12 миң фунт (болжол менен 950 миң рубль) каражат жумшаган. Үйлөнүү тоюна даярдык эч кыйынчылыксыз, мыкты өткөн.