Тест. Капчыгына карап адамдын кандай экенин билиңиз

8 ноября 2018

Психологдордун айтымында, биздин ар бир колдонгон нерселерибиз өзүбүз тууралуу кандайдыр бир маалымат берет. Айрыкча, күндө колдонулган буюмдарыбыз так мүнөздөмө берет экен. Анда эмесе бүгүн капчыгыңызга карап сиз тууралуу айтып көрөлү

1. Конверт түрүндөгү капчык. Мындай капчык баардык нерсени сактоого ыңгайлуу. Мисалы: сүрөттөрдү, кредиттик же банк карталарын. Бул капчыктын ээси көп соода жасайт. Өзүнө же үй-бүлөсү үчүн бир нерсе сатып алууга кумар. Адатта алар баары өз орду менен болгонун каалайт.

2. Бүктөлмө капчык чөнтөккө да, сумкага да оңой салынат. Ал капчыктын ээси активдүү, башкалар менен тил табыша билген, эркиндикти баалаган жана убакыттын кадырын билген адамдар болот.

3. Туристтик капчык, башкача айтканда бардык нерселерге арналган капчык. Бул адамдар иш сапары менен көп чет жакка чыгышы мүмкүн. Мындай капчык кармаган адамдар сабырдуу, тыкан, ишенимдүү болушат жана дароо конкреттүү чечим кабыл ала алган сапаты бар. Ой жүгүртүүсү да кенен.

4. Кредиттик карталарын салган капчыкты чоң шаардын жашоочулары көп кармашат. Алар абдан сак адамдар, акылдуу, энергиясы көп болот. Заманбап жашаганды каалашат, ар бир учурдан рахат ала билишет.

5. Жаркын дизайндагы капчыкты колдонгондор, жаш курагына карабай, өзүнүн жаш экенин билдирет. Алар жашоонун бир гана жакшылыгын, кереметин көрөт. Дайыма өзгөчө идеяларга бай жүрөт.

Бир кызыгы, капчыксыз жүргөн адамдар тууралуу мүнөздөмө берүү кыйын экен. Акчасын сумка же чөнтөктөн чыгарып берген адамдардын каржылык абалы өтө жакшы болбойт дешет.