Facebook күн сайын миллиондогон фейк аккаунтту кулпулайт

8 ноября 2018

Компания фейк аккаунттар менен күрөшүүнү күчөтө турганын билдирди. Эми жалган экени далилденген аккаунттар автоматтык түрдө өчүрүлөт. Муну менен катар, Facebook компаниясы АКШ сенатынын чалгындоо боюнча комитетине 25-январь күнү көрсөткөн документтеринде каттоо процесси учурунда миллиондогон аккаунттарды кулпулап жатканын далилдеди. Башкача айтканда ачууда келтирилген маалыматтар чындыкка дал келбеген учурда кулпулайт, деп РИА Новости агенттигикабарлайт.

Facebook жалган аккаунттар менен күрөш жүргүзүү үчүн ар дайым белгилүү бир чаралардыколдонорун маалымдады. Баса, мындай аккаунттардын таралышы компаниянын саясатына карама-каршы келет.

“Күн сайын каттоо учурунда миллиондогон аккаунтка бөгөт коюп жатабыз. Жетишкендиктерибиздин аркасында Франциядагы шайлоого тиешеси бар деген 30 миң аккаунтту жойдук”, - деп түшүндүрмөсүндө айтылат.

Ал эми Twitter компаниясы өз кезегинде күн сайын 450 миң аккаунтты кулпулайт экенин айтты.

Эсиңиздерде болсо, социалдык тармакта лентага өзгөрүү киргени айтылгандан кийин Facebook акциялары арзандады. Бул өзгөрүүнүн айынан Марк Цукерберг 2,9 млрд долларынан айрылган.