Астанада аял кызганычтан жигитинин жыныс мүчөсүн кесип салды

8 ноября 2018

Астанада 36 жаштагы аял жигитинин жыныс мүчөсүн кесип, ден соолугуна оор зыян келтирди.

21-январда Н. аттуу жаран жигитинин телефондо эжеси менен сүйлөшүп жатканын көрүп, көзүнө чөп салып жүрөт деп ойлой баштайт. Мындан тышкары, анын телефонунан башка кыздын сүрөттөрүн да таап алган.

Кыз жигитин жыныстык катнашка чакырып, анын колу-бутун чоюн орогуч менен байлап салат. Ага чейин эле жигитке уктатуучу дары берип койгон болот. Түнкү саат 2 чамасында жигиттен көңүлдөшү тууралуу сурап, алюминь таяк менен ура баштаган.

Муну менен токтоп калбай кыз скальпель менен жигиттин жыныс мүчөсүн кескен. Жабырлануучунун денесинен кан кеткендиктен, кыз өз унаасы менен аны ооруканага жеткирет. Ооруканага келген аялды полиция кызматкерлери дароо камакка алышкан.

Кыздын үстүнөн Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 106-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.