28 жаштагы Бауржан Токтабеков азыркы замандын ийгиликтүү жаштарынын бири. Түркиянын жана Франциянын эң абройлуу окуу жайларында билим алган. Азыркы учурда Россиянын Санкт-Петербург шаарында, Европанын эң алдыңкы курулуш компанияларынын биринде эмгектенет.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Бауржан Токтабеков менен жолугуп, чет элде алган билими, азыркы жумушу жана Россиядагы жашоосу тууралуу баарлашты.
— Алгач өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз?
— Карапайым эле айылдык жигитмин. 1991-жылы Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылында туулгам. Атам соода менен алектенсе, апам бухгалтер болуп иштечү. 2004-жылга чейин айылда окуп, чонойдум.
— Мектепте кандай окучу элеңиз?
— Негизи өзүм кичинекейимен бери эле окуганга, жаңы нерселерди үйрөнүүгө кызыкчумун. Андыктан тамганы да өз алдымча, эч кимдин жардамысыз тааныгам. Мектепте жалаң кыздар жакшы окучу. Балдардын ичинен мен гана алар менен жарышчумун. Бир тууган байкемдин да сабактары жакшы болгондуктан, аны менен атаандашаар элем. Жума аягында ким канча "беш" алды деп жарышчубуз. Негизи эле окууга болгон сүйүүбүзгө апамдын салымы чоң болгон. Ар дайым "билим алуунун зыяны жок, билимдүү инсан жок болбойт" деп айтчу.
Математиканы жакшы билчүмүн. Ата-энем акча менен көп иштегендиктен, алар менен чогуу отуруп, акча санап, эсебин чыгарган аябай жакчу.
— Жогорку окуу жайды тандоо кандай болду?
— Кичинекейимде прокурор болууну самагам. Бирок мектептин акыркы жылында глобалдуу тармактарда окугум келип, экономика, эл аралык мамилелер тармагындагы кесиптер жага баштады. 2009-жылы Түркиянын эң алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Богазичи университетинин Эл аралык мамилелер жана политология бөлүмүнө бюджеттик бөлүмгө кабыл алындым. Ал жерде өз каалоом менен экономика бөлүмүн да чогуу окуй баштадым. 2013-жылы Париждеги SciencesPo Paris институтунда окуучу алмашуу программасы боюнча жарым жыл билим алдым. Университетти 2014-жылы эки диплом жана Ардак грамота менен аяктадым.
— Богазичи негизи дүйнөнүн эң күчтүү окуу жайларынын бири катары эсептелинет. Ал жерде окуу кыйын болгон жокпу?
— Жок, эч кандай кыйынчылык жараткан жок. Окуудан тышкары, башка нерселерге көңүл бөлгөнгө да катуу аракет кылдым. Айкидо, тхэквондо, чоң теннис жана сууга сүзгөндү үйрөндүм. Француз жана испан тилдерин өздөштүрдүм.
— Окуу жайды бүткөндөн кийин дароо эле иштей баштадыңызбы?
— Жок, билим алууну улантып, ошол эле университеттин экономика бөлүмүндө магистратурада окудум. Бир жыл өткөндөн кийин Ernst & Young компаниясында салык кеңешчиси катары иштей баштадым. Андан кийин банкта эки жыл аудитор болдум. Ал жерде көп шаарларды кыдырып, бул тармактагы инсандар менен таанышууга жетиштим.
— Ишиңиз, жашооңуз жакшы болгон соң Түркияда эле кала берүүнү ойлогон жоксузбу?
— Мени эл-жер тааныган кызыктырып туруп алды. Түркия көптөгөн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. Жалпысынан бул өлкөдө тогуз жылымды өткөрүптүрмүн. Башында мынчалык узак убакыт жашайм деген пландарым болгон эмес эле. Андыктан убактысы келгенде жаңы тажрыйба топтоюн деп чечтим.
— Бул жумушуңузга кантип келип калдыңыз?
— Азыр мен иштеген компания Европадагы курулуш компанияларынын эң алдыңкы ондугуна кирет. Түркияда жүргөндө окуум менен алек болоюн деп, банктагы жумушумдан чыккам. Ошол кезде университетте чогуу окуган дос балам бул жакта иштеп калган эле. Ал аркылуу резюмемди жөнөттүм. Финансы бөлүмүнүн жетекчиси чалып, билим жана тажрыйбамды жактырып, Санкт-Петербургга иштөөгө чакырды.
— Эмне жумуш аткарасыз?
— Каржы жана башкаруучу отчёттор боюнча адисмин. Компаниянын долбоорлоруна байланыштуу каржылык отчётторду даярдап, алардын ишке ашуу күчүнө баа берем. Менин бөлүмүмдө 11 адис иштейт. КМШнын ар бир өлкөсүнөн өкүлдөр бар. Чогуу иштеп, күндө үч маал бирге тамактанганыбыз үчүн ынтымактуубуз. Жумуштан сырткары шаарды кыдырып, теннис, футбол ойноп турабыз.
— Мындай күчтүү компанияда иштесеңиз маянаңыз да ошого жараша болсо керек?
— Айлыгым кудайга шүгүр. Жалпысынан 3000 доллардын тегерегинде маяна алам. Азырынча бул каражат жашоомо жетип жатат.
— Санкт-Петербургда жашоо кандай?
— Шаар Россиянын маданий борбору болгондуктан музей, театр, тарыхый имараттар көп, абдан кооз жер. Мен классикалык музыка концерттерине барганды, эски көчөлөрдү кыдырганды жакшы көрөм. Жашаган жерим шаардын четинде болгондуктан, алгач келгенде Бишкектей эле сезилген. Себеби, көчөлөрү жашыл, эл аз болчу. Орустар негизинен оюн түз жана так айткан калк. Эч кандай кемсинтүүнү же жаман сөздөрдү уккан жокмун. Келгениме бир жылдын жүзү болду, бир да жолу полиция кызматкери токтотуп, документимди сураган жок. Негедир, Россия Түркияга караганда өз мекенимдей сезилет.
— Кыргызстандыктарга жолугуп турасызбы?
— Компаниядагы жетекчим — кыргызстандык. Экөөбүз жумасына бир ирет шаарды кыдырып, кобурашып келебиз. Ошондой эле бир катар туугандарым, мектептеги досторум да бар. Андыктан, мекендештер менен дайыма эле чогуу жүрөм.
— Иш учурунда көбүнчө кайсы тилди колдоносуз?
— Ким менен иштегениңе жараша тил да өзгөрө берет. Негизи жетекчилерге даярдалган отчёттордо түрк жана англис тилдерин колдоном. Жергиликтүү банктар менен иштешкенде орусча сүйлөшөбүз. Ал эми жетекчим экөөбүз кадимкидей эле кыргызча баарлашабыз.
— Кыргызстанга кайтуу пландарыңыз барбы?
— Башка өлкөдө жашооң канчалык жакшы болсо да өз үйүңө эч качан жетпейт экен. Өзүмдү мекенимде гана чыныгы эркин адам сезем. Ошондуктан Кыргызстанга барууну ар дайым каалайм. Алгач кесибим боюнча жетиштүү тажрыйба топтошум керек. Мекеним үчүн пайдалуу иштерди кыла турган деңгээлге жеткенде сөзсүз кайтам.