Москва SWIFT-ти өчүрүп салса эмне болот: Орусия жана анын союздаштары үчүн кесепеттери кандай

8 ноября 2018 Москва SWIFT-ти өчүрүп салса эмне болот: Орусия жана анын союздаштары үчүн кесепеттери кандай

Азыркы учурда негизинен санкциялар түрүндө болуп жаткан Орусия менен Батыштын карама-каршы турушу келечекте башка формага өтүшү мүмкүн. Москваны бир нече жолу SWIFT – маалыматты берүүнүн жана төлөмдөрдү жүргүзүүнүн эл аралык ортосундагы системасынын өчүрүп салабыз деп коркутушкан. Орусия бул тобокелдикти түшүнүп, SWIFT-ке жеке альтернативасын иштеп чыкты. Транс атлантикалык кайчы пикирлер өсүп жаткан учурда мындай альтернатива бир эле өзүнө эмес, Европага да кереги тийиши мүмкүн.

Азыр долларга каршы туруу глобалдуу күн тартибинде негизги элемент болуп саналат, ага көбүнчө АКШнын саясий жетекчилеринин аракеттери таасир этти. АКШ контролдогон глобалдуу доллардык финансы системасынын универсалдуулугун жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн бузуп жатат. долларга каршы туруу экономикалык маанилүү процесс катары эки негизги аспектиге ээ: саясий жана операциялык. Саясий аспект глобалдуу маанилүү күчтөр тарабынан процессти колдоо мүмкүнчүлүгүн аныктайт. Процесстин операциялык аспекти жаңы долларга каршы туруу системасынын катышуучуларынын эсептерин долларды жана/же аны алмаштырган эсептер жана транзакциялардын экономикалык натыйжалуулугун жоготпостон инвестициялык шайман менен сүрүп чыгаруу мүмкүндүгүн аныктайт.

Операциялык аспект эл аралык эсептерден долларды сүрүп чыгаруу процесинде азыр негизгиге айланууда.

Эгер майда-бараттарына көңүл бурбай турган болсок, ал система түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселеге алып келет. Ал SWIFT системасындагы глобалдуу банктык эсептерде кеңири колдонулган операциялык альтернатива боло алмак. Андан Орусияны өчүрүп салуу менен экономикалык санкциялардын “кечиккен” топтому менен киргизип, коркутууга аракет кылган. Акыркы убактарда орусиялык банкттар аралык эсептешүүлөрдүн механизмдерине европалык өлкөлөрдүн өкүлдөрү дагы кызыгуусун билдирип келет. АКШ жана башка өлкөлөр тарабынан болгон сырткы басымдан жана манипуляциядан корголгон финансы коммуникацияларынын жеке европалык системасын түзүүгө кызыкканын белгилешкен.  

Альтернативдерди баалоо

Дүйнө өлкөлөрүнүн экономикалык жана финанлык планда аз эмес бөлүгү өз алдынча эсептешүү жана/же төлөм тутумун түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Анан калса, экономикалык пландагы өнүккөн өлкөлөрдүн чоң бөлүгүндө глобалдуу форс-мажор пайда болгон учурда банктык транзакцияларды камсыз кылуу үчүн резервдик механизмдери бар.  

Иш жүзүндө SWIFT-тин глобалдуу монополизми жок, ал эми тема жасалма этияттыкка айланды. Өнүккөн финансы системалары бар бир катар өлкөлөр шартту “альтернативдүү”, ал эми чынында эсептерди камсыз кылуунун резервдик системасына ээ.

Мисалы, Deutsche Bundesbank 2001-жылдан бери өткөн кылымда апробацияланган форматты өнүкүтүрүп жаткан RTGS Plus электрондук тлөмдөр системасынын оператору болуп саналат. Францияда 1984-жылдан бери Sagritter системасы колдонулат, ал SWIFT системасынын регионалдык улантуучусу катары түзүлгөн, мына ушунда негизги алсыз жагы, анткен менен дал ушунда маанилүү камсыздандыруу механизмдер бар. Улуу Британияда CHAPS клирингдик эсептердин системасы колдонулат, ал Германия менен Франциядагыдай анчалык ири эмес.   

Жеке төлөмдөр менен болгон кырдаал татаалырак. Европалык өлкөлөр 2002-жылдан баштап америкалык MasterCard системасынын ордуна европалык EuroCard системасын киргизүү ишке ашырылган, ал иш жүзүндө континенталдык деңгээлде жеке системаны контролдой албаган шарттарда өнүккөн. Муну Европанын маанилүү экономикалык алсыздагы деп эсептөө керек.

Кызыкчылыктардын ар багыттуулугу

Европа өлкөлөрүнүн негизги көйгөйү банктар аралык эсептешүүлөр үчүн платформанын жоктугунда жана азыркы флатформалык ирилештирүүгө жана мамлекеттер аралык деңгээлдге чыгарууга мүмкүн эместигинде эмес, бул платформалар глобалдуу соодада жана өзгөчө инвестицияларда эсептердин милдеттүү сапатын камсыз кыла аблагандыгында.

Банктар аралык европалык платформалар АКШ менен соода-саясий жаңжалдар чыгып кеткен учурда алсыз болуп калат. Ошондуктан дүйнөлүк сооданы жана инвестицияларды доллардан арылтуу процессинен тышкары глоабалдуу жана субглобалдуу өз ара эсептешүүлөрдүн “альтернативдүү” системасын түзүү маанисиз болуп көрүнөт.

Саясий кырдаалдарды эске алганда, АКШ контролдогон альтернативдүү глобалдуу маанилүү банктар аралык система жана төлөө системасы тигил же бул формада түзүлүшү мүмкүн. Бирок, ал ачык финансылык каатчылык пайда болгонго чейин түзүлүп, минималдуу апробацияланабы, же ошонун жүрүшүндө аны жайылтууга туура келеби? Маны ушундан бул системаны түзүү темпи жана орусиялык сунуштарга болгон талаптар көз каранды. Эсептешүү эана төлөө системасын иштеп чыгууда евробюрократия чын эле Орусия менен кызматташууга олуттуу кызыгуусу тынч экономикалык жана саясий кырдаалда пайда болушу күмөн. Бирок, АКШ тарабынан басым өскөн шарттарда банктар аралык эсептердин альтернативдүү систамысын түзүүгө орулык кадамдар талап кылынышы мүмкүн. Анткен менен, бир жагынан европа өлкөлөрүнүн жана экинчи жагынан Орусия менен анын союздаштарынын бир эле узак мөөнөттөгү эмес, кыска мөөнөттү да кызыкчылыктарындагы айырмалыктарды так түшүнүү керек.    

Европа өлкөлөрүнө баарынан мурда АКШ тараптан болгон басымды жумшартуу жана финансы секторуна соода жана санкциялык согуштарды жайылтуудан баш тартуу керек. Бул ЕБ жана АКШнын Иран, жакынкы келечекте Кытай менен болгон мамилесинин контекстинде толук ишке ашышы мүмкүн. Евроап өлкөлөрүнүн “альтернативалуу системаларды” түзүүгө карата максаты жалпысынан глобалдуу жана субглобалдуу катаклизмалар учуруна дүйнөлүк финансынын америкалык-борбордук системасына карама-каршы турган жана резервдик механизмди түзүү конципциясында болуп саналат.

Орусияны жана бир катар өлкөлөрдү, анын ичинде Жаңы Евразия боюнча союздаштарын кошкондо, сырттан болгон бүлүндүрүүчү манипуляциялардан финансы секторун коргоо механизми жана жаңы, кыйла натыйжалуу инвестициялык механизмдерди түзүү керек.

Орусиянын жана анын союздаштарынын кызыкчылыктары баарынан мурда экономикалык. Алар мындай натыйжалуу системаны чын эле түзүүгө, апробациялоога жана ишке ашырууга кызыктар. Саясий аспектиси Москва үчүн маанилүү, АКШ менен мамилелердин өнүгүү фазасында АКШ менен геоэкономикалык “соодалашуу” үчүн альтернативдүү төлөм системасын колдонуу маанисиз.

Глобалдуу жана субглобалдуу төлөмдөр үчүн жаңы платформаны түзүү үчүн болгон күрөштө лидерлик позицияны ээлөө Орусияга финансы дүйнөсүнө басым жасоого жаңы мүмкүнчүлүк бермек. Бирок, адл орусиялык эсептешүү системасынын форматы негиз катары европалык өнөктөштөр тарабынан кабыл алынарына эч кандай кепилдик жок. Акыр аягында орусиялык банктар аралык эсептешүү системасы бардык багыттары боюнча буга чейин Европада кабыл алынган моделди кайталайт: маанилүү глобалдуу жана субглобалдуу форс-мажор же салыштырмалуу кыска мөөнөттүү глобалдуу өтүмдүүлүк тыныгуу шарттарында туруктуу төлөмдөрдү камсыз кылуу.  

Эсептердин жаңы системасы үчүн критерийлердин натыйжалуулугу

Жаңы долларсыз, тагырагы доллардын тышкаркы эсептешүү системасында негиз болуу укугу үчүн атаандашууда жеңиш үчүн орусиялык форматка мындай системада олуттуу атаандаштыкты карманууга туура келет. Операциялык көз карашта накталай эмес эсептерди камсыз кылуу инструментине талаптар дүйнөлүк жана аймаактык соодада төмөнкүдөй негизде түзүлүшү мүмкүн:

• Транзакциялардын чоң көлөмүндө салыштырмалуу узак убакыт  апробацияланган туруктуулук

• Катчылыксыз режимде күнүмдүк операциялар үчүн көйгөйлөрдү жаратпай бат географиялык жана сапаттуу ирилештирүүгө мүмкүндүк

• Технологиялык туруктуулук. Сырткы технологиялык бузуучу таасирлерге крипто коопсуздуктун жана туруктуулуктун критерийи азыркы шарттарда салыштырмалуу маанилүүлөрдүн бири болууда.

• Ар кандай маанилүү геоэкономикалык күчтөр тарабынан болуучу саясий манипуляциядан кепилдик. Потенцияалдуу жаңы инструмент бир гана эл аралык болушу мүмкүн жана Орусия башынан бул кырдаалды эске алышы керек.

• Операциялык ийкемдүүлүк, жаңы сапаттуу пландагы инструменттердин эсебинен түзүлүп бүтүү мүмкүнчүлүгү. Эсептешүү системасынын базалык курамы катары мультивалюталыкка багытталышы мүмкүн.

• Жарамдуулугу үзгүлтүккө учуругунда жана төлөмдөрдүн каатчылыгы пайда болгон учурда резервациялоо механизмдеринин бар болушу. Сисмема “акмактан” өнүккөн, анын айрым катышуучуларынын атайылап, же кокустан жасалган аракеттеринен жарамдуулук каатчылыктарынын алдын алуучу “коргонууга” ээ болушу керек.

• Бир гана корпоративдик эмес, физикалык жактарды да транзакцияларын ишке ашыруу мүмкүндүгү. Орусияжа жеке карточкалык системанын болушу шексиз артыкчылык болуп саналат. Бирок, азарынча төлөм карталарынын улуттук системасынын дарамети толугу менен ишке ашырыла элек. “Мир” төлөм системасын глобалдаштыруу маселеси маанилүү болуп саналат, аны ишке ашыруудан көп нерсе көз каранды, анын ичинде орусиялык форматты жана банктар аралык эсептердин орусиялык технологияларын талап кылуу келечеги бар.

• Системаны спекулятивдик инвестицияларды камсыз кылууга багытталган модулдар менен кошумча түзүү үчүн потенциалдун болушу. Мисалы, биринчи кадам катары – санкциялык басым алдында турган өлкөлөрдүн мамлекеттик облигацияларынын кеңейтилген функциялары мененайландыруу үчүн.

Мүмкүн болгон глобалдуу же субглобалдуу эсептешүү системасы үчүн операциялык талаптар, муну менен, салыштырмалуу кең. Мындай долбоор маанилүү уюштуруучулук жана каржылык аракеттерди талап кылат. Банктар аралык орусиялык технологиялар талап бар учурда каалаган критерийлерге жетүүгө мүмкүндүк берет. Бирок, транформация учурунда Орусиянын жана анын союздаштарынын кызыкчылыктары канчалык эске алынат? Булардын баары АКШ жана ЕБ тарабынан да экономикалык басымга жана саясий жүйөлүү экономикалык рестрикцияларга туш болушкан.

Бүгүнкүк күндө салыштырмалуу мүмкүн болгон сценарий ЕАЭБдин алкагында орусиялык технологиялардын жана товар алмаштырууга колдонулуучу форматтардын негизинде альтернативдүү эсептешүүлөрдүн системасын апробациялоо болууда.

Жалпысынан, алгач альтернативдүү эсептешүү системасы регионалдык мүнөзгө ээ болушу мүмкүн жана глобалдуу экономиканы регионалдаштыруу процессине адаптацияланат. Бул көз караштан, “Мир” картасын жана тиешелүү эсептешүү форматтарын колдонууну аз дегенде Орусия жана Белорусия союздук мамлекеттеринин масштабына чейин, андан кийин ЕАЭБдин масштабына чейин кеңейтүү банктар аралык эсептешүүлөрдүн орусиялык системасын глобалдаштырууга биринчи кададам болуп калмак.  

Экинчи жагынан, орусиялык банктар аралык долларсыз эсептешүүлөрдүн форматын дүйнөлүк сооданын бир нече сегменттик тармактарында тесттик колдонуу зарыл. Мындай системаны апробациялоо мүмкүнчүлүгү ЕАЭБге азык-түлүк жеткирүү үчүн эсептешүүлөрд бар. Мисалы, сейрек кездешүүчү материалдар боюнча катышуучулардын кеңири тобуна салыштырмалуу кыска мөөнөткө тобокелдиктерди камсыздандыруу механизмдери сунушталат.

Келечеги канчалык жакшы болсо, маалыматтык чуу ошончолук аз болот

Азыркы альтернативдүү SWIFT жана эсептешүүлөрдүн доллардын системасын түзүү келечегин кароо фазасы долбоордун уюштуруучулук жана технологиялык өзгөчөлүгүн талкуулоо фазасында көйгөйдүн жаңы жоопкерчилик жана концептуалдык иштеп чыгуу деңгээлин сунуш кылган талкуунун жаңы сапатын талап кылат. Мындай системаны түзүүдө Орусия менен кызматташуу каалоосун билдирген тигил же бул өлкөлөрдүн саясий каалоосуна абдан кылдаттык менен мамиле кылуу керек. Өзгөчө, алар уюштуруучулук жана технологиялык аракеттерге байланышпаган болсо.  

Жаңы эсептешүү системасын иштеп чыгууда негизги маселе – долларды сүрүп чыгаруу эмес, регионалдык жана региондор аралык эсептердин жана инвестициялардын ишенимдүүлүгү, ошондой эле эла аралык экономикалык мамилелердин, өзгөчө дүйнөлүк сооданын саясатташуусунун өсүп жаткан шарттарында өзүнүн функцияларын ишке ашырууда туруктуулугу. Доллардын арылуу жөнүндө концептуалдык жыйынтыктарды конкреттүү уюштуруучулук жана технологиялык кадамдар, ресурстар менен бекемдөө керек. тема боюнча маалыматтык активдүүлүктү төмөндөтүү жана аыкырындук менен катышуучулар ортосунда кесипкөйлүк серепчилик диалогдордун чегине которуу максатка ылайыктуу. Алар чынында альтернативдүү глобалдуу эсептешүү системасын түзүүгө кызыктар.

Булак: http://eurasia.expert/chto-esli-moskva-otklyuchit-swift-posledstviya-dlya-rossii-i-ee-soyuznikov/?fbclid=IwAR2bmsCpkTvv0T3pe-qDe8zXhkJukl_513YHiLJlpb_NNajL55ZZ33rZwfs