Сириялык офицер согушкерлер кол салган учурда орусиялык аскерлердин эрдигине таң калгандыгы жөнүндө айтып берди

6 ноября 2018 Сириялык офицер согушкерлер кол салган учурда орусиялык аскерлердин эрдигине таң калгандыгы жөнүндө айтып берди

2017-жылдын 6-августунда Сириянын чок ортосунан орун алган АКЕРБАТ шаарынын четинде 5 кишиден орусиялык атайын операциялар күчтөрүнүн отряды белгилүү, стратегиялык жактан маанилүү бийиктикти ээлеген сириялык блокпостко жашыруун тапшырманы аткаруу үчүн барган.

Блокпостто болгон сириялык аскерлердин бири орусиялык атайын дайындыктагы аскерлер менен учурашууга гана жетишкен, алардын баары чоң күч топтоп келип, постко кол салган террористтер тарабынан жок кылынган.

Орусиялык атайын дайындыктагы аскерлер кечиктирбей кыркытын тегерегиндеги стратегиялык жатан маанилүү постко кол салган террористтерге каршы согушка кирет.  

Айыгышкан согуштун жүрүшүндө блокпостту коргогон дээрлик бардык аскерлер жарадар болот. жаракат албаган бир гана орусиялык аскер колуна пулемет алып, стратегиялык бийиктиктеги коргоону уланткан.

Жаш орусиялык жигит чыкттын тегерегиндеги канкорлор менен бир эле убакта күрөшкөн.

Орусиянын президенти Владимир Путин жакында эле Андрей Кондрашовго берген маегинде айткандай, бул аскер бир эле террористтердин чабуулуна каршы турган жок, ал аскер Атайын операциялык күчтөр тобунун курамында турган. Ал топтун тапшырмасына согушкерлер орун алган жерге орусиялык авиацияны салуу аракеттери кирген.

Биздин балдар бир секунд дагы артка кетенчиктебей, тескерисинче калып, теңдешсиз күрөшкө киришет. Олуттуу жаракатты отряддын командири да, экинчи аскердик офицер да алышкан, ошондуктан бардык аскердик ишти өзүнө жаш ефрейтор алган – ал чынында эле бир нече чабуул жасап, ондогон согушкерлерди жок кылган. Согуштун жүрүшүндө октордун бири пулемётко тийип, курал шынаалып калат.

Бирок, ал кол гранаталарын ыргытып согушууну уланткан, ага кошумча артиллеристтерге максатка ылайыктуу көрсөтмө берүүгө жетишип турган. Террористтерге туткунга түшүү коркунучу пайда болгондо алар согушкерлердин колуна түшүп калбас үчүн жөн гана өзүн өзү жардырууга даярданышат.  

Артиллерия тараптан да, авиация тараптан да жардам өз убагында келген. Аны менен террористтердин негизги күчтөрү жок кылынган, атайын операциялар күчүнүн жардамы менен бардык орусиялык аскерлерди жааган октун алдынан алып чыгышкан. 

Биздин аскерлер сириялык жоокерлер менен бирге жетип келишкен. Аталган аскердик окуялар боюнча атайын даярдалган документалдык тасмада сириялык офицер Абу Ашраф бактыга жараша эч ким курман болгон жок. Абу Ашраф аталган согушка өзү катышып, ар бир окуяны майда-баратына чейин билет.

“Мен орусиялык Менин жүрөгүм катып калды, алардын ар бири колуна гранатаны кыса кармап, ушул пунктка согушкерлерди өткөрбөй, өзүн жардырып жиберүүгө даяр болчу. Алардын баары – чыныгы, арстан сыяктуу эр жүрөк мырзалар”, - деди Ашраф.

Атайын операциялар күчүнүн ефрейтору Портнягин Денис Олегович Орусиянын президенти тарабынан Баатыр жылдызы менен сыйланды.

“Эгер алар баатыр болбосо, анда ким? – деген суроо салды Владимир Путин. – Мен биздин куралдуу күчтөрдө мындай адамдар көп экенин билем” – деди Путин.

Булак: https://fishki.net/anti/2536345-sirijskij-oficer-rasskazal-kak-byl-shokirovan-geroizmom-rossijskih-soldat-pri-napadenii-boevikov.html