Бишкекте кийим-кече жана кездеме сакталган кампа толук күйүп кетти

6 ноября 2018

Өрт 6-ноябрга караган түнү Элебесов көчөсүндөгү имараттан чыккан.

Контейнерден жасалган үч кабаттуу кампада 5-ноябрдын түнүндө өрт чыгып, ал толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр дароо чыккан. Тилсиз жоодон имарат толугу менен күйүп кеткен.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, бул имарат мурда дүкөн болгон. Эки ай мурун аны мейманкана кылып жасап, бирок пайдаланууга берүүгө үлгүрбөй калышкан. ӨКМдин маалымат кызматынын билдиришинче, кампадагы кийим-кечелер менен кездемелер күйгөн.

Өрт толугу менен саат 5:10до өчүрүлгөн. Алдын-ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.



Дагы: https://sputnik.kg/incidents/20181106/1041877259/bishkek-kijim-kezdeme-kampa-ochtu.html