Жүз элүүдөн ашык кызды зордуктаган белгилүү дарыгер 175 жылга эркинен ажыратылды

5 ноября 2018 Жүз элүүдөн ашык кызды зордуктаган белгилүү дарыгер 175 жылга эркинен ажыратылды

20 жыл бою гимнатика боюнча АКШнын курама командасында дарыгер болуп иштеген жаран 175 жылга соттолду. Лари Нассер 150дөн ашык аялды зордуктаган деп INTERFAX.RU сайтыкабарлайт.

Ларри Нассер зордуктаган аялдардын арасында Маккайла Марони, Александра Райсман, Габриель Дуглас, Джордин Уибер жана Симона Байлз өңдүү олимпиада чемпиондору бар.

Анын үстүнөн зордук-зомбулук көрсөттү деп 150дөн ашык аял арызданган. Ал эми ушуга чейин дарыгер балдар порнографиясын сактаганы үчүн 60 жылга соттолгон эле

Эми күнөөлү 60 жыл бир жазасын өтөп болгон соң гана экинчи күнөөсүн жууш үчүн түрмөдө дагы бир нече жылга олтурат. Башкача айтканда, калган өмүрүнүн баардыгын абакта өткөрөт.

Кылмыш иштин сотуна төрагалык кылган Розмарин Аквилиндин айтымында, Нассари ар бир кылмышын кылдат пландап, ойлонуп, куулук менен ишке ашырган.

Нассар 20 жыл бою спортчулардын дарыгери болуп жүрүп, жасаган кылмыштары эми гана 2016-жылы ачыла баштады. Эки спортчу кыз дарыланууга барган учурда, дарыгер аларга башкача кызмат көрсөткөн.

54 жаштагы дарыгер түрмөдө олтурганына бир жылдан ашык убакыт болду.