Эркектердин жер бетинен качан жок болору аныкталды

5 ноября 2018

Окумуштуулар бир нече миллион жылдан кийин эркек кишилердин дүйнөгө келүүсү токтойт деген жыйынтык чынарышты. Англис генетиктери Y-хромосомасынын убакыттын өтүшү менен жоюларына ишенишет. Бул тууралуу  life.ru сайты кабарлайт.

Science Alert журналына жыйынтыктарын жарыялашкан изилдөөчүлөр болжол менен 4,6 миллион жылдан кийин Y-хромосомасы жоюлат деген пикирин айтышкан. Башкача айтканда, эркектердин төрөлүшүнө себеп болгон хромосома өткөндүн энчисинде калышы мүмкүн.

Ошентсе да, генетиктер анын ордуна эркектердин тукумун улоого себеп болгон жаңы хромосома түрү пайда болушу мүмкүн экенин да жокко чыгарышкан эмес.