Бетти арыктатуунун жолдору

5 ноября 2018

Көпчүлүк кыздар салмак кошкондо беттери толо баштайт. Бетти арыктатуу үчүн кандай диета, кандай көнүгүүлөрдү жасоо керек?

Күнүнө 2 литр суу ичиңиз

Сууну керектүү өлчөмдө ичүү аркылуу сиз денеңизден ашыкча уулуу заттарды чыгарасыз. Ушундайча беттин, кол менен буттун шишип кетүүсүнөн сактанасыз.Ал эми бул беттин толуп кетүүсүнүн бирден-бир себеби. Газдалбаган минералдык суу же көк чай да ичсеңиз болот. Албетте, башка суусундуктар да суусундукту кандырат, бирок аларды таза суунун пайдасы менен салыштырууга болбойт жана алардын курамында калориялар көп болот.

Күнүнө 3 жолу жашылча менен жемиштерди жеңиз

Ушул эрежени карманган адамдарда салмак таштоодон башка аргасы калбайт. Жашылча менен жемиштердин курамында шире көп болот, ошондой эле алар клетчатка менен витаминдерге бай. Бир алма, сабиз салаты курсагыңызды тойгузуп, шоколад жана таттуулардын таасиринен сактайт. Жумуш ордуңузда жей тургандардан бир гана жемиш менен жашылчалар болсун.

Кальцийди көбүрөөк кабыл алыңыз

Күнүнө кем дегенде 1,2 мг кальций кабыл алсаңыз, арыктоо процесси тезирээк жүрөт. Ал үчүн күндө 3 стакан сүт же 800 грамм быштак жеш керек. Кальций сүт азыктарынын баарында, балыкта көп болот. Катырылган жемиштер менен жаңгактар да керектүү кальцийдин деңгээли менен камсыз кыла алат.

250 калория эрежеси

Эки жумада 1 кг таштоо үчүн, жумасына 3500 калориядан арылууңуз керек. Күнүнө 500 калорий деп эсептесек, анын жарымы физикалык көнүгүү эсебинен,экинчи жарымы рациондон болушу керек. 30 минөттүк көнүгүүлөрдүн, жүгүрүүнүн жыйынтыгында 500 калориядан арыла аласыз. Ушундайча шашылбай, бирок туруктуу түрдө арыктап, ден соолукка зыянын тийгизбейсиз.

Тузду кемитиңиз

Туздуу азыктарды сүйүп жеген кыздардын бети шишип, бул туруктуу көрүнүшкө айланышы мүмкүн. Жарым-жартылай даяр азыктар, картошка чипсылары, туздалган жаңгактар, ышталган азыктардан бүтүндөй баш тартыңыз. Калган азыктарды дагы аз туздап үйрөнүңүз. Белгилей кетсек, бул кан басымдын туруктуулугуна да пайдалуу.

Көнүгүүлөр

Бир гана диетанын таасиринен арыктасыңыз, териңиз шалбырап калышы мүмкүн. Көнүгүүлөрдү жасоо аркасында тери менен булчуң эттердин чымыр болушуна жардам бересиз.

Психологиялык тест: Баштыгыңызды кантип көтөрөсүз?

Бүгүнкү күндө баштыгыңыз саркеч болгону менен, аны кыз-келиндер өзүнүн ыңгайына карап кармашат. Ал эми сиздин көтөрүп жүргөн баштыгыңыз сиз тууралуу маалымат берет. Эмесе өз баштыгыңыз сиз жөнүндө эмне дейт?

А

Биринчи биринчисин тандадыңызбы? Демек, сиз абдан ишенимдүү адамсыз. Сөзү менен иши дал келбеген иш-аракет сизге такыр жат. Бар оюңузду айтып, жайып саласыз. Эч нерсени ичиңизде жашырып калбайсыз. Мал мүйүзү сыртында, адам мүйүзү ичинде болгону менен, сиздин ички дүйнөңүз кандай болсо, сыртыңыз да дал ошондой болуп көзгө урунуп турат. Оозуңузду ачсаңыз, жүрөгүңүз көрүнөт. Өзү менен өзү болуу – сиз үчүн чыныгы адамдык сапат.

В

Сиз ачык, ойноок адамсыз ары күчүңүз көп. Эгер жашоонун ачуусу менен таттуусу катар келе турган болсо, сиздин жашооңузда туздалган жагы көп болот. Жаңжалга толгон окуяларды жактырып гана тим болбой, керектейсиз. Карап олтура бергенди жаман көрөсүз, ар дайым кыймылда, иш-аракетте болосуз. Айтканынан кайтпаган көк беттик жагыңыз бар жана заманбап адамсыз. Бардык жаңылыктар менен жаңы нерселерге кызыгууңузду ойготуп, көңүл сыртында калтырбайсыз.

С

Сиз таң каларлык жансыз. Өзүңүздү дүйнөдөгү эң кызыктуу адамдардын катарына кошпогонуңуз менен, башкалар сизден кызыгарлык өзгөчө сапатты таап алышат. Жашоого болгон ынтаңыз айланыңыздагы адамдарга күч берип, шыктандырат. Кийинки кадамыңызда, келечекте эмне кыларыңызды болжолдоо мүмкүн эмес. Эч кимди таасирлентүүгө умтулбасаңыз деле башкалар сизге карап таңдануудан талышпайт. Аброюңуз көтөрүлгөндөн кийин, баардыгы кеңешиңизге кулак түрүшөт. Табитти ачкан таттуу үйдө бышырылган алма токочун баарынан жакшы көрөсүз.

D

Сиз абдан ишенимдүүсүз. Турмуштун ар бир сынагына олутту карап, туура пикир калтырасыз. Жан дүйнөңүз сабырдуулук менен жөнөкөйлүккө толуп турат. Сүйлөгөнгө караганда, укканды жакшы деп эсептейсиз, ушул балансты бузбайсыз. Сизге ишенич көрсөткөндөр, жетелеген жагыңызга бара беришет. Сиз менен сууга да, отко да түшүүдөн көркушпайт. Башкысы сиз аларды чөктүрбөй да, күйгүзбөй аман алып чыгарыңызды жакшы билишет. Сизге ырахат тартуулаган нерсе – бир чыны ысык алма шарабы. Колдо жасалган болсо, андан жакшы.

Е

Сиз жашоого абдан ыраазысыз. Кокустук издөөнүн кереги жок, адаттагы, кайталануучу өткөн күндүн өзү сизге кубаныч тартуулайт. Ар бир күндүн жытын, өңүн, дабышын, керемет даамын сезесиз. Кадимки тажрыйбанын өзүн өзгөчөлөнтүүдөн ырахат табасыз. Жашоонун ар бир учурунан маани таап, ар мүнөттү алтындай баалайсыз.

F

Сиз абдан акылдуу адамсыз. Мээңиз токтоосуз иштеген зирек киши сиздей болот. Бардыгын иштин жүрүшүндө оюңузда элестетип, тез чечим чыгара билесиз. Бат тил табыша албасаңыз да, керектүү жерде ар бир адам менен оңой аралашып, жашоону сүйгөн сапатыңыз менен тааныласыз. Башкалар сизди көпчүлүктү сүйгөн адамы категориясына кошот, ал эми сиз ошого жараша аларды ээриктирбей, көңүлүн көтөрө аласыз. Кызуу кандуулук да, акыл-эс да бирөзүңүздөорун алган.