Сүрөттөгү тырмактардын кайсынысына окшош? Таптыңызбы? Анда ага ылайык сыпаттаманы окуңуз.

5 ноября 2018

1. Булар ачык айрым адамдар болушат. Ар бир адам менен тил табышып кете алат. Абдан акылдуу. Бизнеске байланышкан маселелерди чечүүгө өтө жөндөмдүү. Майда-чүйдөсүнө чейин абдан кылдат карап чыгышат.

2. Сезимтал. Интуициясы мыкты. Ойлонуп алып сүйлөйт. Адамдардын кулк мүнөзүн, оюн дароо түшүнөт. Бул топтогулар кыйын шарттарда да жол таба билишет. Жанындагылар кесипкөйлүгүн, жоопкерчилигин баалашат.

3. Мындай формадагы тырмактын ээси көбүнчө чыгармачылыкка жакын болушат. Абдан активдүү, күч-кубаты мол адамдар. Биз аз катаалдыгы да бар. Ошентсе да дайыма маанайы көтөрүңкү жүрөт, башкаларга да жакшы маанай тартуулайт.

4. Абдан тыкан, сак жүрөт. Достукту жогору баалашат. Сыртынан жоош көрүнгөнү менен, ичинде эмоцияналдуу болушу мүмкүн. Эң жакын адамдарына гана ачылып, сырын айта алат. Бул кишилер менен урушуп, сөз талашпай эле коюңуз.

5. Эмгекчилер менен башкаруучулардын тырмагы. Айтканынан кайтышпайт. Жоопкерчиликтүү болушат. Элдин көңүл борборунда болууну жактырышат. Эгер бул топтогулар жаңы бир ишти колго алса, аны жакшы натыйжасы менен бүтүрөрүнө ишене бериңиз.

6. Тайманбас, кандай болбосун өз максатына жеткен адамдар. Бат чечим кабыл алышат. Бир нерсени баштагандан мурун эки жагын ойлонуп, аныктап алышат. Анын аркасында жакшы натыйжага жетет. Жаңы нерселерге бат кызыкчылыгы артат.

7. Абдан кыялкеч келишет. Кыял менен жашагандыктан, айланасында кыялындагыдай, өзүнө жайлуу, кооз кылып өзгөртүп алат. Достору аз болушу мүмкүн, ошентсе да башкаларга жардам берүүгө ар дайым даяр.