18 Сүйүшкөндөр биринчи жолу cүйүү кумары менен алектенүү үчүн 11 жыл бою арыкташкан

5 ноября 2018

Ашыкча салмактан арыла албаган жубайлар 11 жыл бою күрөшүп келишкен. Алар ушул жыл ичинде салмак таштап, биринчи жолу жакындашты.

Ли Саттон жана Рена Кизер аттуу америкалык жубайлардын жалпы салмагы 572 килограмм эле. Алар операциянын жардамы менен жарым салмагынан арылышкан.

Алар салмак таштоо борборунда таанышат. Бир көрүүдөн бири-бирине ашык болушуп, жолугуша баштаган. Бирок, терапия эрежелерине ылайык жыныстык катнашка барууга тыюу салат. Өз алдынча салмак таштай албаган соң, акыры операция жасатышкан.

Операциядан кийин Саттон 324 килограммдан 183 килограммга чейин, ал эми сүйүктүүсү 248 килограммдан 127 килограммга чейин арыктаган.