Адистер смартфон баасынын чектен тыш кымбаттайт экенин айтышты

5 ноября 2018

Смартфон, электрокар жана компьютер өндүрүшү коркунуч алдында турат. Буга себеп болуп аккумулятор өндүрүшүнүн кымбаттоосу саналат.

Аккумулятор жасоо үчүн колдонулган күмүш түстүү ак металл кобальт баасы өсүп жатат. Өткөн жылда 1 тонна металлдын наркы 33,2 доллардан 75 миң долларга чейин кымбаттады.

Бир смартфонду жасоо үчүн 5 граммдан 10 граммга чейин кобальт металлы керектелет. Ал эми ноутбук үчүн 30 грамм жумшалат.Унаа батареясы үчүн 20 килограммга чейин металл керек болот.

Демократиялык Конго республикасында 3,4 млн тонна кобальт бар. Австралияда 1 млнго жакын. Кубада 500 миң. Орусияда миң тонна.

Адистер унааларды электрокарга алмаштыра турган болсо, дүйнөдөгү кобальт металлынын көлөмүн бир кыйла  үнөмдөөгө болот экенин айтышат.

Конго өлкөсүндө экономика менен саясаттын туура эмес жүргүзүлүшү да буга терс таасирин тийгизет. Өлкөдө кобальт өндүрүүдө коопсуздук эрежелер сакталбайт. Бул ишке жаш балдар тартылат. Адистер металл тартыштыгы маселесин чечүү үчүн аккумуляторлорду башка металлдан жасоо керек деген чечимди айтышты.