Салмагы шоколаддын көлөмүндөй болгон наристе дүйнөгө келип, дарыгерлер аны аман алып калышты

5 ноября 2018

Индияда дүйнөдөгү эң кичине бала жарыкка келди. Мөөнөтүнөн 12 жума эрте төрөлгөн баланын салмагы болгону 0,88 фунтка (болжол менен 400 грамм), бутунун көлөмү атасынын бир манжасына барабар болгон, деп The Daily Mail басылмасы кабарлайт.

Кичинекей бала Индиянын Ражастхан штатында төрөлгөн. Бою 8,6 дюйм (21,8 сантиметр) болуп туулган ымыркай Азиядагы эң кичине адам болуп катталды.

Дүйнөнө келген кезде бала дем ала алчу эмес, анын органдары толук жетилип үлгүргөн эмес эле. Ага карабай, алты ай ооруканада жатып, жашап кетти. Ал эми азыркы учурда анын салмагы 2 кг 300 граммга барабар.

Баланын энеси Сиета менен атасы Гирираж: “Ал баарына каршы турду, күрөштү”, - дешет .

Боюнда бар кезинде Сиетанын кан басымы жогору болуп, ал мөөнөтүнөн бир нече ай мурда төрөгөн.