Костанай облусунда үрөй учурган окуя болду
Жергиликтүү “Айна” аймактык гезити жазгандай, кайгылуу окуя былтыр 25-декабрда болгон. Карабалык аймагына караштуу Славен айылынын 29 жаштагы жашоочусу бир тууган эжеси менен спирттик ичимдик ичишет. Ичимдикке тойгон экөөнүн ортосунда уруш-жаңжал башталат. Анын айынан эркек киши эжесине бычакты менен бир нече жолу шилтеп жиберген. Андан кийин курмандыгынын башын кесип алып, күйүп жаткан мештин ичине ыргытып салган. Ал эми денесин жертөлөгө жашырган. Карабалык аймактык ички иштер бөлүмүнө Славен айылынын жашоочусу билдирип, ошол айылда жашаган 45 жаштагы аялдын денеси табылгандыгы тууралуу кабарлаган.
Облустук басмасөз кызматынын билдирүүсүндө:“Аталган факт боюнча 29 жаштагы шектүү тергөө абагына жеткирилди. Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренесинин 2-бөлүмү менен сотко чейинки төргөө иштери жүргүзүлүүдө. Экспертизалар дайындалды”, - деп айтылган.