Моюн терисинин сулуулугу

28 мая 2019 Моюн терисинин сулуулугу

Бетке кам көргөндөй моюн терисине да кам көрүү керек. Анткени, жаш жогорулаган сайын моюн териси да картайып, бырыш басып, шалбарай берет. Ал эми мунун алдын алуу үчүн бар болгону беш ингредиенттен турган масканы жасап көрүңүз.

Бул скраб-маска моюн терисин тартып, терини алда канча жакшыртат. Масканы жумасына бир жолу жасап, натыйжага оңой жетүүгө болот.

Масканы жасоо үчүн:

  • 2 чай кашык куркума порошогу;
  • 3/4 стакан шекер;
  • 3-4 тамчы лаванда гүлүнүн эфир майы;
  • 1/3 стакан өсүмдүкмайы;
  • 1 чымчым ваниль;
  • айран керек.

Айрандан башка баардык ингредиенттерди аралаштырып, моюн менен көкүрөк тушуна сүйкөңүз. Масканын курамына шекерди кошпосо деле болот. Эгер моюн өтө шалбарап, аны кара тактар каптап кеткен болсо, маскага шекеркошкон туура болот.

Масканы 20 мүнөт кармап, бирдей жай кыймылдамассаж жасап, андан соң жылуу суу менен жууңуз.

Жуугандан кийин моюнга айранды сүйкөйсүз. Анткени, маска курамындагы куркуманын боёгу териге сиңип калат. Ал эми айран аны агартып, терини жумшартат.