Той күнү колуктунун 11 курбусу каза болду

24 мая 2019 Той күнү колуктунун 11 курбусу каза болду

Той кортежинин бир унаасы катуу ылдамдык менен шлагбаумга урунуп, анын айынан 11 адам каза болду.

Нигериянын Кано шаарында колуктунун курбулары олтурган унаа жол кырсыгына учурап, натыйжада 11 кыз каза тапты, деп Синьхуа агенттиги жергиликтүү полицияга шилтеме жасоо менен кабарлайт.

Жол кырсыгы кечке маал болгон. Айдоочу рулга ээ боло албай шлагбаумга урунган.

Полиция өкүлү Кабир Ибрахим Даура билдиргендей, сегиз кыз кырсык болгон жерде ажал тапса, үчөө ооруканада жан берген. Дагы үч аял менен айдоочу жаракат алышкан.

Алгачкы тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, унаа кырсыгына ашыкча ылдамдык себеп болгон.