Өсүмдүктүн ширесин ашыкча ичүү өмүрдү кыскартары аныкталды

20 мая 2019 Өсүмдүктүн ширесин ашыкча ичүү өмүрдү кыскартары аныкталды

Дарыгер Гюнтер Кунленин айтымында, жаңы сыгылган ширелер ден соолукка пайдалуу дегени менен алардын пайдасынан зыяны көп.

Америкалык окумуштуулар өсүмдүктүн жаңы сыгылган ширеси кола жана лимонад сыяктуу эле өмүргө зыян экенин, керек болсо өлүмдү эртелете турганын аныкташты. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Journal of the American Medical Association (JAMA) уюмунун сайтына жарыяланган.

Адистер 13,4 миң кишинин жашоосуна саресеп салып, алар таттуу суусундуктарды канча көп ичерине кызыгышкан. Алты жыл ичинде окумуштуулардын изилдөөсүнө катышкан миң адам каза болгон. Алар адамдар таттуу ширелерди канчалык көп ичип жүргөнүн иликтешкен. Жыйынтыгында ар бир ичилген ашыкча 360 миллилитр шире же лимонад эрте өлүп калуу ыктымалдыгын бир топ арттырары аныкталган.

Дарыгер Гюнтер Кунленин айтымында, жаңы сыгылган ширелер ден соолукка пайдалуу дегени менен алардын пайдасынан зыяны көп.

"Жер-жемиштердин ширесин ичкенде киши жегенден алган калориядан бир топ эсе көп калория алат. Мисалы, бир стакан апельсин ширесин алуу үчүн эки апельсинди сыгууга туура келет", — деди адис.

Буга чейин окумуштуулар өлүмдү эртелеткен азык-түлүктөрдү тизмектеген болчу.

Спутник Кыргызстан