Эгер сиздин жогорку билим алууга акчаңыз же убактыңыз жок болсо, анда үмүтүңүздү үзбөңүз. Дүйнөдө көптөгөн жогору акы төлөнүүчү кесиптер бар. Бул үчүн орто кесип жөнүндөгү документ, ал тургай мектеп аттестаты да жарай берет. Биз The Time басылмасынын версиясы боюнча, жогорку билими жок жумушчулар үчүн АКШдагы эң кирешелүү 10 кесипти сиздерге сунуштайбыз.
Коммерциялык пилот
Учакты туруктуу эмес багыттарда башкарат жана жылына 77 200 доллар иштеп табат.
Кылмыштык детектив
Федералдык же жергиликтүү мыйзамдарды бузуу менен байланышкан изилдөөлөрдү жүргүзөт жана жылына 78 120 доллар табат.
Лифттерди тейлөө боюнча электромеханик
Чогултат, орнотот, жүргүнчүлөр жана жүк ташуучу лифтерди, эскалаторлорду оңдойт. Бул үчүн жылына 78 890 доллар табат.
Ядролук техник
Физиктерге, инженерлерге жана ядролук индустриясындагы башка адистерге жардам берет жана иштеп тапкан бир жылдык кирешеси 79 140 доллар.
Нур терапевти
Жабдууларды текшерип, бейтаптын реакциясын байкап турат жана документтер менен алектенет. Бул үчүн жылына 80 160 доллар алат.
Энергетик-дисперчер
Координациялайт, көзөмөлдөйт, электр энергиясы менен бууланткычты бөлүштүрөт жана жылына 81 900 доллар киреше табат.
Полиция башчысы
Полицияларды көзөмөлдөө менен алектенет жана жылына 84 840 доллар табат.
Логист-менеджер
Транспорттошууну, товарларды бөлүштүрүүнү жана сактоону координациялайт. Жылдык кирешеси 89 190 доллар.
Ядролук реактор оператору
Жабдууларды чыгарат жана токтотот. Башкаруу элементтерин тууралайт, кырсыктардын алдын алат жана жылына 91 170 координациялайт алат.
Аба кыймылдарын көзөмөлдөөчү
Учактын багытын көзөмөлдөйт, жылына 122 410 координациялайт иштеп табат жана бакалавр даражасына ээ болбосо деле боло берет.