Америкалык жаран орус кызына үйлөнүү үчүн өз аялын өлтүрдү

10 мая 2019 Америкалык жаран орус кызына үйлөнүү үчүн өз аялын өлтүрдү

Эркек аялынын башына атып өлтүрүп, андан кийин үйүндөгү газ приборунун оозун ачып жарып жиберген.

АКШда аялы менен бирге үйүн жарып жиберген эркек кармалды. Ал орус кызына үйлөнгүсү келген.

Маалыматка ылайык. Ушул жылдын август айында 59 жаштагы Стивен Пирус аялы Ли Эннди атып өлтүргөн. Андан соң үйүндөгү газ приборунун оозун ачып, аны жарып жиберген.

Шектүү аялы психикалык оору менен ооругандыктан, аны өлтүрүүнү өзү суранганын айтып актанды. Бирок, полициялар Пирустун бир күн мурун кийим-кечесин жыйнап, үйдөн чыгып кеткенин аныкташты.

Полициялар шектүүнүн телефонунан россиялык Ольга аттуу кыздын жыңалач сүрөттөрүн табышкан. Алар үйлөнүү тою тууралуу да сүйлөшүшкөн. Болжол боюнча, орус кызы Пирус менен эки жыл мурда таанышкан.