10 мая 2019
Эгипеттеги Аль-Гиза шаарынын жашоочусу үй тапшырмасын аткара албаган беш жашар кызын уруп өлтүрдү.
Денесинин баары көгөрүп, соо жери калбаган кыз ооруканага жеткирилген.Дарыгерлер окуя тууралуу полицияга кабар беришет.
Белгилүү болгондой кызынын үй тапшырмасын аткара албаганын билген атасы аны желим түтүк (труба) менен урган. Коңшулары үйдөн баланын кыйкырганын угушканы менен, бирок ага жардам берише албаганын айтышкан.
Полициялар кыздын атасын камакка алышты. Ал кылмышты жасаганын мойнуна алган, бирок кызды өлтүрүп алам деп ойлогон эмес экенин айткан.