"Өлбөс полк" акциясында Жээнбековдун жанында сүрөт көтөрүп баскан жигит ким?

9 мая 2019 "Өлбөс полк" акциясында Жээнбековдун жанында сүрөт көтөрүп баскан жигит ким?

Бишкекте өткөн "Өлбөс полк" акциясында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун жанында сүрөт көтөрүп баскан жигит ким экени белгилүү болду.

Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, ал Жээнбековдун бир тууган инисинин баласы.

Мамлекет башчы Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" жүрүшүнө чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун портретин көтөрүп чыккан. Ал эми анын жанындагы жигит чоң атасынын бир туугандары Токтомамат Жээнбеков менен Эрмамат Жээнбековдун сүрөттөрүн көтөрүп баскан.

"Ал жигит президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Жыргалбек Жээнбековдун уулу. Ал студент", — дешти маалымат кызматынан.

Жыргалбек Жээнбеков бир туугандардын кенжеси. Учурда ал ата-эненин тамынан түтүн булатып, туулуп-өскөн айылы Кара-Кулжада экени маалым.

Эскерте кетсек, Жээнбеков былтыр да "Өлбөс полк" жүрүшүнө катышкан. Анда чоң атасы эки уулу менен согушка кетип, өзү дайынсыз жоголгонун, ал эми балдары жарадар болуп кайтып келгенин айткан болчу.

sputnik Кырыгзстан