Израил бийлиги Иордин өзөнүнүн батыш жээгинин түштүгүндө жайгашкан айыл жергесинин бириндеги мечитте еврейлердин уйкусуна тоскоол келтирет деген имиш менен бийик үн менен азан чакырууга тыюу салынды.
Аль-Халил Ратиб аль-Жабир шаарындагы элдик каршылык көрсөтүү комитетинин координатору аталган маселе боюнча түрктөрдүн “Анадолу” маалымат агенттигине берген маегинде израилдик күч түзүмү аталган шаардын түштүгүндөгү Мусапыр Иатта аймагына караштуу ат-Тубани айылында рейд жүргүзүп, бийик үн менен азан чакырууга тыюу салган.
Бул тыюуну четке каккан учурда катуу чара колдоно тургандарын да эскертип кетишкен. Израилдиктер басып алган Чыгыш Иерусалимде болжол менен 200 миң еврей качкындары жашашат, ал эми Иордансуусунун батыш жээгинде алардын саны 400 миңге жетет.
Эл аралык уюмдар менен дүйнөлүк коомчулук Израил бийлигинин палестиналыктардын жерине кол салып гана тим болбой, курулуш иштерин жүргүзгөнүнө нааразычылык билдирип, мыйзамсыз деп тааныган. Белгилей кетсек, Израил парламентинде 2016-жылдын ноябрь айында азан айтууда бийик добуш чыгаргычты колдонууга массалык тыюу салган мыйзам долбоору каралган эле. Чуу жараткан мыйзам долбоорун жактап Кнессеттин 55 депутаты добуш берсе, 48 депутат каршы чыккан.