Аялдар жетишсиз болгон жер бетиндеги 9 мамлекет

9 мая 2019 Аялдар жетишсиз болгон жер бетиндеги 9 мамлекет

Дүйнөдө аялдар жетишсиз болгон, ошол себептен үй-бүлө куруу жана балалуу болуу маселеси төмөн түшүп кеткен өлкөлөр бар.

Буга байланыштуу кээ бир өлкөлөрдүн өкмөтү ал тургай өз өлкөсүнө келип, жигиттерге турмушка чыккан кыздарга акы төлөөгө да даяр. Мындай демографиялык тең салмактуулуктун бузулушуна геосаясий маселелер да таасир этет. Согуш болуп жаткан жерлерден аялдар качышса, эркектер жумуш издеп кетишүүдө.

Швеция       

            

Швецияда аялдардын жетишсиздиги ички кризиске айланган. Анда аялзаты өздөрүнө батир алуу үчүн чет элге кетип жатышат.

Кытай

Бул өлкөдөгү “Бир үй-бүлөгө – бирбала” саясаты өлкөдөгү эркек менен аялдын санына олуттуу таасирин тийгизген.Көбүнчө эркек балдар төрөлүп, эми алар чоңоюшкан кезде үйлөнүүгө жар таппай жүрүшөт жана ага-эжесиз жалгыз өскөндүктөн кытайлыктардын көпчүлүгү өзүмчүл келишет.

Филиппин

Өлкөдөгү демографиялык кризис эмгек рыногундагы кризиске алып келди. Орточо эсеп боюнча 102 эркеке 100 аял туура келет. Ал эми филиппин кыздары жумуш издеп чет элге кетип калышкандыктан, кийин абал өтө тааталдашкан.

Норвегия

Бүл өлкөдө да аялдардын саны азайып, гендердик теңдүүлүктү кармоо маселеси абдан кыйындаган. Анын үстүнө эмигрант эркектердин саны көбөйүп кеткен.

Ооганстан

Акыркы он жыл бою аскердик чыр-чатактан көз ачпаган өлкөдө негизинен эркектин тартыштыгы сезилиши керек эле. Бирок, бул өлкөдө согуша турган эркектер жетиштүү. Ал эми аялдар кыйын абалдан кутулуп чыгуу үчүн качып жатышат. Анткени, бул өлкөдө аялдар жасай турган эч нерсе жок. Ал эми эркектеринин аял издөөгө чамасы да жок.

Италия

Бул мамлекетте олуттуу ажырым болбосо да, эркектердин саны аялдарга караганда көп. Гендердик теңдикти колдогон никеси бар аялдар бала сүйүүнү анчалык каалашпайт.

Египет

Бул өлкөдөгү калктын 75 пайызы – эркектер. Бул статистика 25 жашка чейинки жарандарга түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан, ал жерде аял алуу үчүн чоң күрөш жүрөт. Окумуштуулар өлкөдөгү абалдын кыйындашы – аялдаргакөрсөтүлгөн сексуалдык зордук-зомбулуктун көбөйүп кеткенинен улам дешет.

Исландия

Бир нече убакыт мурда Исландия өкмөтү өз өлкөсүнө келип, ал жактын эркектерине турмушка чыккан кыздарга компенсация берет деген кеп чыккан эле. Бирок, бул мааалымат расмий түрдө тастыкталган жок. Ошентсе да, өлкөдө кыздардын жетишсиздиги –турган маселе.

Иран

Жакынкы чыгышта жайгашкан бул мусулман өлкөсүндө аялдардын укугу көп жактан чектелип келет. Алар эми гана билим алып, кесипке, мансапка умтулуп жатышат. Кыздар жашоо үчүн күйөөгө тийүү керектигин түшүнгөн соң, массалык түрдө Европага кете баштаган. Ошентип, Иран эркектери үйлөнө түрган жарын издөөгө аргасыз.